Венада адам сатууга каршы күрөшүү боюнча үч күндүк эл аралык форум ачылды

Үч күнгө созулуучу жыйын Улуттар уюму тарабынан өткөрүлүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, ага 116 өлкөдөн 1200дөй делегат: эксперттер, депутаттар, укук коргоо мекемелеринин кызматкерлери, бизнестин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана адам аткезчилигинин курмандыгы болгондор катышат.