УТРКнын БАЙКООЧУ КЕҢЕШИНИН ЖАРЫМЫНАН КӨБҮ КАЙРА ШАЙЛАНАТ

Улуттук телерадиокорпорацияны коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу максатында түзүлгөн Байкоочу Кеңеш ишин баштабай жатып ыдырап кеткени белгилүү. Бирок Байкоочу Кеңеш кеткен мүчөлөрү кайра келгенин жарыялап, кечээ бир катар чечимдерди кабыл алууну болжогон. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Байкоочу Кеңештин курамына байланышкан маселени карап, мыйзамга ылайык анын бир жолу арыз берген мүчөсү кайра келе албагандыктан Кеңештин курамын кайра толуктоону чечти.
Байкоочу Кеңеш өз ыктыяры менен кеткен мүчөлөрү кайра келиши менен курамы 11 кишиге жетип, чечим кабыл алууга жетиштүү добуш болгонун жарыялап, кечээ жыйын өткөрүүнү болжогон. Бирок бул күнү да 5-6 гана мүчө чогулуп, дагы кворум болгон жок. А түгүл алар УТРКнын имаратына да кире албай, ал жетекчиликтен уруксат берилбегени менен түшүндүрүлгөн.

Байкоочу Кеңештин мүчөсү Мыктыбек Өмүрзаков жыйында УТРКдагы соңку кырдаалга байланышкан маселени чечүү жолдорун кароо да күтүлгөнүн айтат:

- Биздин негизги максатыбыз - кворум болсо уставды бекитип, андан кийин УТРК башчысын шайлоо боюнча жобону бекитишибиз керек эле. Анан мыйзамга ылайык, бир ай ичинде УТРК башкы директорун шайлоону уюштурмакпыз. Азыр УТРКдагы абалды өтө кооптуу десек болот. Биз ошону чечүү жолдорун да издеп көрөлү дегенбиз.

Исмаил Шайбеков Байкоочу Кеңештин эң алыста жашаган мүчөсү. Аны кворум болду деп Өзгөндөн чакыртышкан:

- Кеткен мүчөлөр кайтып келээрин айткан соң, бүгүн кворум болот деп ойлогонбуз. УТРКдагы азыркы кырдаалды бир аз болсо да жумшартуу аракетин көрөлү деген тилегибиз бар эле.

Байкоочу Кеңештин курамындагы пикир келишпестик негизинен былтыр октябрь айында төрага шайлоодон чыгып, көпчүлүк мүчөлөрү өз ыктыяры менен кетээрин жарыялаган соң, кворум болбой, ошондон бери чечим кабыл алынбай калган. Ага саясий оюндар себеп болгонун Байкоочу Кеңештин айрым мүчөлөрү учурунда өздөрү да моюндашкан.

Өлкө президенти былтыр апрелде кол койгон «Улуттук телерадиокорпорация жөнүндө» мыйзамдын негизинде Байкоочу кеңеш УТРК башчысын беш жылга шайлашы керек.

Медиа өкүлчүлүк институнун жетекчиси Илим Карыпбеков Байкоочу кеңеш ишин дал парламенттик шайлоонун алдында баштаганын, ал учурда башкы телеканал бийликке өтө керек болгондуктан анын ыдырап кетишине бийлик өзү кызыкдар болгонун айтат:

- Байкоочу Кеңешке бийлик өзү каалаган төрага шайланышына кызыкдар болгон. Бирок ага добуштар жетпей калгандыктан, кеңештин ишине атайын бөгөт коюш үчүн, мүчөлөрдүн көбү тарап кетип, кворумсуз калган.

Ошентип Байкоочу Кеңеш кайра чогулмакчы болуп жатканда парламенттин билим, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитети анын курамына байланышкан маселени карап, мыйзамга ылайык бир жолу арыз жазып кеткен мүчөлөр кайра кабыл алынбастыгын, эми ошол 9 мүчөнүн ордуна кайра жаңы мүчөлөр келиши керектигин чечти.

Комитет эми бул маселени жакын арада парламенттин жалпы жыйынына алып чыкмакчы.

Аталган комитеттин төрагасы Иса Өмүркуловдун пикиринде, Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү кылчактабай, учурунда жигердүү иштегенде УТРКда азыркыдай кырдаал түзүлмөк эмес:

- Менимче, саясий оюн болгон. Байкоочу Кеңешти биз былтыр эле шайладык эле. Иштегенге толук шарты болсо да төрагасын шайлай албай, кворумду болтурбай отуруп, аягында айрым мүчөлөрү, өзгөчө президент тарабынан сунушталгандар арыз жазып кетишкен.

Мыйзамга ылайык, Байкоочу Кенештин жалпы курамы 15 адамдан туруп, президент, парламент жана жарандык коомдон сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңеш беш жылга шайлайт. Эми ошол тараптар кеткен мүчөлөрүнүн ордуна кайра өз талапкерлерин сунушташы керек.

Медиа өкүлчүлүк институтунун жетекчиси Илим Карыпбековдун баамында, эми Байкоочу Кеңеш бийликтин айтканынан чыкпаган мүчөлөр менен толукталышы мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да коомдук телекөрсөтүүгө карай кадам ташталыш керек:

- Жогорку Кеңеште «Ак жол» фракциясы көпчүлүктү түзгөн соң президентке жакын, анын сөзүн эки кылбаган адамдар Байкоочу Кеңешке шайланат. Демек толукталган курамга бийликтин айтканынан чыкпаган мүчөлөр келет десек болот. Бирок ошентсе деле байкоочу кеңеш бар. Ал сөзсүз шайланып, коомдук телекөрсөтүү болбосо да, анын көлөкөсү деген сыяктуу алга кадам таштап башташы керек.

Ошентип эми Байкоочу Кеңештин курамы Жогорку Кеңеш тарабынан кайра толуктала турган болду.