КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ КАНТИП КЫЯ ЧАБАТ?

Генерал-майор Молдомуса Конгантиев министр болуп келгени ички иштер тармагынын кемчиликтерин белгилеп, бир топ жетекчилерди кызматтан алды. Айрым бир милиция кызматкерлери өздөрү кылмышка аралашып жатканын кечээ өткөргөн маалымат жыйынында министр моюнга алды. Ошол эле маалда милиция тармагын реформалоого жаңы жетекчинин эрки жана билими жетишпейт деген пикирлер да айтылууда.
Ырасмий маалыматтарга караганда 2000-жылдан бери эле киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны кырктан ашкан. Мындан тышкары адам өмүрүнө кол салуу боюнча 10 факт катталган. Алардын ичинде 2005-жылдын март окуяларынан бери эле ондон ашык адам киши колдуу болгон.

Кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөгөнү айтылып жатканы менен бул чуулгандуу буйрутма өлүмдөрдүн биринин да бети ачылган эмес.

Кечээки маалымат жыйынында ички иштер министри М.Конгантиев ушул темага да токтолду. Ал Ош облусунда былтыр күзүндө киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун кылмыш ишин кайра өзү көзөмөлгө алганын, иликтөө-тергөө жүрүп жатканын белгиледи.

“Менин милициям мени коргойбу же кордойбу?” демекчи, коомчулукта милиция кызматкерлери тууралуу ар кыл сын пикирлер айтылып келатат. Эл арасында дале болсо милицияга ишенбегендер арбын.

Ошондуктан милиция кызматкерлеринин элге болгон мамилесин өзгөртүү, участкалык инспекторлордун ишин активдештирүү – бул 2008-жылкы ички иштер башкармалыгынын негизги максаттарынын бири. Бирок бул максат канчалык ишке ашат убакыт гана көрсөтөт.

Анткен менен, саясий чөйрө ички иштер министрлигинин кылмыштуулукка каршы күрөш жаатында жүргүзүп жаткан ишине канагаттанган жери жок.

Маселен, социал-демократтар фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, азыр милиция уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөнгө караганда, экономикалык кылмыштарга каршы катуураак күрөшүп жатат:

- Мурдатан эле аракет жок болчу. Кеп кылмыш кодексин күчөтүүдө да эмес. Министрге, бардык ички иштер кызматкерлерине бардыгына азыр саясий эрк керек. Милиция психологиялык жактан өзгөрүп, бир үй-бүлөгө, бир президентке же өкмөт башчысына кызмат кылууну токтотуш керек. Эгер милиция өзүнүн кызыкчылыгын пайдасын гана ойлоп ишкерлерди, цехтерди тоноп, рэкет болуп алышканын токтотпосо эл эч убакта ишенбейт. Алар элди коргобой эле, айрым учурда кордоп, тоноп келишкен. Бул системаны реформалап, санын кыскартып, сапатын жогорулатуу зарыл. Эми жаңы министр көп убадаларды берип, реформа кылам деп жатат, Анын мезгил таразалайт. Сөзү менен иши дал келбесе анда милициянын кадыр-баркы дагы төмөн түшөт.

Милициянын ардагери, эс алуудагы полковник Акыл Акуновдун көз карашында кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук кылып жаткан факторлор- мамлекеттик кызматкерлер менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн биригип кетиши жана милицияда кесипкөй адистердин жетишсиздиги. Анын пикиринде милиция тармагын реформалоого жаңы жетекчинин кесиптик билим деңгээли жетпейт:

- Мамлекеттик кызматкерлер менен кылмышкерлер тобундагылардын аралашып кеткендиги милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, тескери таасир этип атат. Молдомуса Конгантиев көп убадаларды берип жатат. Ал мурда Бишкектин милиция жетекчиси болуп турганда эле бул тармактын кадрларын түндүк- түштүккө бөлүп салган. Эми ички иштер тармагын реформа кылууга анын дарамети, билим деңгээли жетпейт. Милициядагы коррупция мындан дагы күчөйт.

Министр Молдомуса Конгантиев болсо маалымат жыйынында ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин 25 пайызы кыскарып, 148 кызматкер облусттук, шаардык, райондук бөлүмдөргө иштөөгө жиберилээрин, Жогорку кеңештин алдындагы аянтта айт намаздарын окууга милиция каршы эместигин кошумчалады:

- “ИИМ жөнүндө” жаңы жободо участкалык инспекторлордун ролу жана жоопкерчилиги кеңейтилген. Бүгүнкү күндө 25%га борбордук аппараттагы кызматкерлердин санын кыскартуу менен, участкалык инспекторлордун санын көбөйтүү пландаштырылууда. “Министрликтин башкы милдети – эл менен тыгыз байланышта болуп, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана профилактикалык иштерди күчөтүү” , - деп айтты Молдомуса Конгантиев.

Маалымат жыйынында ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жол кырсыктары көп болуп жатканын айтты. Өткөн жылы жол кырсыктарынан эле алты миңге жакын адам каза таап, жети миңге чукул адам жарадар болгон.

Өлкө боюнча мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери коррупцияга батып кеткенин министр дагы, андан сырткары өлкөнүн премьер-министри өтө катуу сынга алган.

Себеби жол кырсыктарынан айрыкча жаш балдардын өлүмү өтө көп болуп кеткен. МАИ кызматкерлери кырсыкты алдын алуунун ордуна өз чөнтөктөрүнө иштеп калган.

Тартип бузууларга көз жуммай, айдоочулардын күбөлүктөрүн бекер бермей көбөйгөн. Ошол себептүү өлкөнүн МАИ башкармасынын жетекчиси, милициянын полковниги Леонид Поляк жана Бишкек шаардык МАИ бөлүмүнүн жетекчиси Эмилбек Абдиев кызматынан алынды.

Бирок жаңы жетекчилер жолдогу башаламандыкты кандай жоёору тууралуу азырынча маалымат, пландар белгисиз.