РЕВКОМ БОЛЬШЕВИКТЕРДИН ЖОЛОЮНА ТҮШТҮБҮ?

Бүгүн “Кыргызстан” деген аталыштагы революциялык комитет алгачкы отурумун өткөрдү. Маалыматка караганда анда алдыдагы иштердин пландары жана март айында өткөрүлүүчү коомдук иш чара жөнүндө маселе козголду. Ревкомдун демилгечилеринин бири Азимбек Бекназаров жыйында каралган маселелер жашыруун экенин айтып, толук маалымат берүүдөн баш тартты. Айрым талдоочулар ревкомдун жарым- жартылай жашыруун иш-аракетин мурдагы орус падышалыгына каршы чыккан большевиктик партиясы менен салыштырууда.
Президент Курманбек Бакиевди март ыңкылабынын алдында берген убадаларын аткарбады деп, аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү боюнча революциялык комитет түзүлгөнүн 24-январда «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров коомчулукка жарыялаган. Бүгүн комитеттин биринчи отуруму болуп, анда каралган маселелер жөнүндө толук маалымат айта албастыгын мурдагы депутат Дооронбек Садырбаев билдирди.

Ревкомдун демилгечилеринин бири Азимбек Бекназаров дагы отурум жабык эшик артында жашыруун өткөнүн, маалымат берилбестигин айтты. Ал буга чейин ревкомдун мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн коомчулукка жана журналисттерге толук маалымат берилбестигин эскерткен эле.

Адилет министри Марат Кайыпов «Азаттыктын» кабарчысына билдиргенине караганда, жашыруун түрдө саясий партияларды же кыймылдарды түзүүгө Кыргызстанда мыйзам чегинде тыюу салынган.

Айрым талдоочулардын божомолунда ревкомдун “жашынмак оюндары”, жарым-жартылай жашыруун иш алып баруусу коомдо туруксуздукту пайда кылышы мүмкүн.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин көз карашында ревкомдун жашыруун иш-аракеттерин орус падышачылыгына каршы чыккан большевиктер партиясы менен салыштырууга болот.

-Өткөндө Бекназаров өзү айтпадыбы “ревкомдун мүчөлөрүнө бийлик тарабынан куугунтук болот, аларга каршы ар кандай чаралар колдонулат, ошон үчүн жашыруун болушубуз керек” деп. Булардын мындай аналогиясын илгерки орус падышачылыгына каршы чыккан большевиктик партиясы менен салыштырууга болот. Камалып калбайлык, түрмөгө отуруп калбайлы деп, анда булар жашыруун ысым алып, жашыруун гезит чыгарышы керек “Искра” деген. Бирок булардын жашыруун бололук деп атканында да негиз бар.

Буга оппозициячыл саясатчыларга карата бийликтин кысымы, ар кандай коркутуп-үркүтүү ыкмаларынын колдонулушу себеп болду, дейт Молдалиев. Анын пикиринде революциялык комитет мыйзамдын чегинде, ачык-айкын иш алып баруусу зарыл.

-Бийликке оппозиция болуш үчүн, оппозиция элге таянып иштеши керек да. Анан эл кимди колдоорун билбесе, булардын баары жашыруун болсо анда бул мындай болуп калат. Бул иш-аракеттер бийликке каршы жашыруун уюмду уюштурган делген беренелерге жакындап калат. Ошол жагын дагы эске алыш керек. Менимче, ревком мыйзамдын чегинде ачык-айкын иш алып барганы жөндүү, -деди Орозбек Молдалиев.

«Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев жакында Ысыккөл облусуна барып жергиликтүү тургундар менен жолугушуп келгенин, ревкомдун талаптарын көпчүлүк эл колдой тургандыгын, алар азык-түлүккө баанын кымбатташына, ыңкылаптан кийин эч кандай өзгөрүүлөр болбогонуна нааразы болуп жатканын билдирди.

-Жолугушууда Кумтөр маселеси дагы кабыргасынан коюлду. Көпчүлүк эл азык-түлүктүн кымбатташына, жашоо-турмуш оордоп баратканына, азыркы бийликке нааразылыктарын билдиришти. Бакиев бардыгын жыйыштырып өз каалоосу менен кызматтан кетиши керектигин айтышты.

Эркин Бөлөкбаев “Жашылдар" партиясы жакында Чүй, Жалалабад, Ош облустарында революциялык комитеттин иш аракеттери, бийликке коюп жаткан талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөөрүн кошумчалады.

Жаңы түзүлгөн саясий кыймыл өткөндө билдирүү таратып, анда Курманбек Бакиев “мамлекеттик башкарууга үйбүлөсүн, ага-ини, жакындарын аралаштырбоого берген убадасын аткарган жок”, “Аксы окуялары аягына чыкпады”, “өлкөдө Бакиевдин хандык Конституциясы орноду” , “Акаев жана анын жакындары ээлеп алган байлыктарды элге кайрып берүүнүн ордуна, аларды Бакиевдин жакындары өткөрүп алды» деп белгиленген. Ошондой эле «энергетика, газ, жаратылыш кен байлыктары жана башка маанилүү обьектилер парламенттеги “Ак жол” партиясынын депутаттары тарабынан ратификацияланып чет өлкөлүктөргө берилери белгилүү болуп калды»,- деп жазылган билдирүүдө.