16:56 БУУнун мандаттуу качкыны, адвокат Саидкамол Ахмедов абактан бошотулду

Бул жөнүндө Ош шаарындагы абактын башчысы Галбай Пратов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, Ахмедовго карата шаар сотунун өкүмүнө жабырлануучу Ганыжан Хурулбаев, ошондой эле прокурор каршы арыз жазган эмес. Эми ал бир жылга дейре туруктуу жашаган жеринен эч жакка жыла албайт, милицияга келип көрүнүп турат. Бул аралыкта башка кылмыш жасабаса, биротоло акталды деп эсептелинет. 31-январда Саидкамол Ахмедовду Ош шаардык соту бир жылдык сынак мөөнөтү менен шарттуу түрдө 3 жылга кесип, 5 миң сом айыпка жыккан. (АТо)