19:30 Ачкачылык кармап отургандардын дагы бирөө ооруканага жеткирилди

“Кутман таң” программасынын аймактык кызматкери, сегиз күндөн бери ачкачылык кармап отурган Кыял Сабирахунованын акыбалы кечке жуук начарлап, эс-учун жоготкон. Бейшенбек Бекешовдон алынган маалымат боюнча “тез жардам” келип, Кыялды ооруканага алып кетти. Ушундай эле себеп менен ачкачылык кармап отурган Шахзада Апсаматова кечээ ооруканага жеткирилген. (ZKo)