ЖОГОРКУ КЕҢЕШ БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн Жогорку Кеңеш быйылкы жылдын бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Анда бюджеттин кирешеси 45 миллиард 100 миллион сом, чыгашасы 49 миллиард 500 миллион сом деп бекитилди. Инфляция болсо 12 пайыз болоору каралууда. Маселени кароо учурунда өлкө өнөр жайына көңүл бурмайынча кыйын кырдаалдан чыга албастыгын тышкы сооданын таңсыктыгы 1,5 миллиард долларга жетип жаткан азыркыдай шартта инфляцияны 12 пайызда кармоо мүмкүн эместигин белгилешти.
Алгач парламентте быйылкы жылдын бюджетинин параметрлери тууралуу каржы министри Тажикан Калимбетова кеңири маалымат берди. Ошентип быйылкы жылдын бюджетинин кирешеси 45 миллиард 100 миллион сом, чыгашасы 49 миллиард 500 миллион сом, таңсыктык 3,5 миллиард сом болоору белгиленди. Быйылкы жылы ички дүң продукты 6.7% өсөт деп күтүлсө, инфляция 12% болот деп каралууда.

Каржы министри Тажикан Калимбетованын айтымында, быйыл негизинен реалдуу секторго көңүл бурулууда:

- Негизги өзгөчөлүктөрдүн бири былтыркыга караганда таңсыктыкты бир миллиардка азыраак көрсөтүп жатабыз. Буга чейин реалдуу секторго жакшы көңүл бурулбай келген болсо, быйыл биз бул секторго каражат карап, жаңы жумуш орундарын ачканга аракет жасап жатабыз. Министрликтер азыркы бөлүнгөн каражатты максаттуу жумшаса, бир топ иштерди жасаса болот. Биз эми бөлүнгөн каражаттар кандай иштетилгенин да көзөмөлдөп турмакчыбыз.

Парламенттин каржы жана экономика боюнча комитетинин төрагасы Аскар Шадиевдин билдиргенине караганда, бюджет долбоору биринчи окууда кабыл алынган соң 567 млн. сом кошумча каражат табылган. Бул каражат негизинен капиталдык курулуштарга, укук коргоо органдарына, тышкы иштер министрлигине жана билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына жумшалат. Комитет төрагасы Аскар Шадиев быйылкы бюджетти негизинен дурус деп баалап, бирок социалдык тармакка көп каражат сарптап жатабыз дейт:

- Негизинен мурдагы жылдарга караганда өсүш бар. 2005 же 2006-жылкы бюджет менен салыштырсак киреше жагы эки эсе өскөн. Ошол эле учурда чыгаша жагында ошондой эле сарптоолор бар. Өкүнүчтүүсү – биз чогулган акчанын 41 пайызын социалдык тармакты каржылап, жөн эле жеп коюп жатабыз.

Талкуу учурунда депутат Иса Өмүркүлов бюджеттин киреше бөлүгүн дагы да көбөйтүүгө болмоктугун белгиледи:

- Кошумча табылган 567 миллион сом бул өтө эле аз. Кыргызстандын бюджети болгону миллиард доллар. Бизде зор потенциал бар, энергетика, тоо кен өнөр жайы жана башкалар. Киреше бөлүгүн дагы да көбөйтсө болот эле. Тилекке каршы тиешелүү комитет аны таба алган жок.

Депутат Иса Өмүркулов ошондой эле быйылкы жылы өкмөттүн аппаратын каржылоо 20 миллион сомго көбөйтүлүп, президенттин иш башкармалыгына 736 миллион сом бөлүнүп, ал 153 миллион сомго көбөйтүлгөнүн белгиледи.

Ошол эле учурда каржы жана экономика комитетинин төрагасы Аскар Шадиев киреше бөлүгү дагы көбөйтүлсө, салык төлөөчүлөргө кыйын болуп калаарын айтат:

- Дагы 5 млрд. чогултабыз десек анда салык төлөөчүлөрдүн терисин сыйрып алууга туура келет. Экономика ката кечиргенди кечирбейт. Ошондуктан өтө кылдат мамиле жасашыбыз керек. Бул боюнча да биз өкмөткө сунуш берип жатабыз, салыктардын көлөмүн төмөндөтүп санап келгиле деп. Салыктарды азайткандан кийин эл жашырып жаткан, көргөзбөй жаткан салыктарды төлөй баштайт деген ойду айттык.

Жогорку Кеңеш быйылкы бюджет долбоорун экинчи окулушунда кабыл алган соң өкмөт башчы Игорь Чудинов аны үчүнчү окууда да дароо эле кабыл алып берүүнү өтүндү. Ошентип маселе добушка коюлуп, быйылкы жылдын бюджети бүгүн толугу менен кабыл алынды.