ООГАНСТАНДАГЫ ТАЛИБДЕРДИ КУРАЛ-ЖАРАК МЕНЕН КИМ КАМСЫЗДАП ЖАТАТ?

Иранда жасалган, же Иран аркылуу өткөн курал-жарактар дагы эле Ооганстандагы талиб козголоңчуларынын колуна түшүп калып жатат. Жакында ооган бийликтери куралдардын ошондой партиясынын дагы бирин кармашты.
Ооган бийликтеринин айтымында, алар батыш Ооганстанда Ирандан импорттолуп жүргөн 130 түрдүү мина табышты. Курал-жарактардын арасында алыс жерде туруп жардырууга мүмкүн болгон 40 мина да бар экен. Булардын баары Иран менен чектеш жердеги Фара деген провинцияда табылганы кабарланды. Ошол вилояттын полициясынын башчысы, генерал Хаилбаз Шерзай биздин “Эркин Ооганстан” радиобузга билдиргендей, курал-жарактын баары талибдердин ошол жердеги жолбашчысы Мулла Абдул Ганинин үйүнөн чыкты.

- Биз Фарадагы Анардара районунан аскерлерге жана танктарга каршы сокку ура турган минага жык толгон курал-жарактарды таптык. Алар жакында эле Ирандан алынып келинген жана ал үчүн жооптуу адам качып кетти. Куралдар табылган жерди такыр бузуп, жок кылдык, - деди полисмен Шерзай.

Ирандан талибдерге жиберилген аскерий курал-жарактарды тапканын буга чейин АКШнын аскерлери да, НАТО да, анан ооган өкмөтү да кабарлап келген болчу.

Ооган президенти Хамид Карзай бийликтерде Иран өкмөтү бул өңдүү куралдарды жиберип жатат деген ачык далил жок экенин айтты. Былтыр июнда Кошмо Штаттардын Коргоо министри Роберт Гейтс да Иран ошентип талибдерге курал жөнөтө турганы тууралуу далил фактылар жок экенин билдирген. Гейтс бирок талибдер баңги сатып, андан көргөн пайдасына ушинтип кылмыштуу топтордон курал сатып алса керек деген болчу.

Пакистандык журналист Ахмед Рашид – “Талибан” деген китептин автору. Иран бийликтери Ооганстандагы бир топ кылмыштуу топторго, алардын ичинде талибдерге да, курал үчүн каржылык колдоо көрсөтүп жатканында шек жок деп ишенет ал.

- Алар Ооганстандагы жолбашчылар менен көптөн берки алакада турушат. Менимче, ооган конфлигине Ирандын катыштыгы чоң. Ирандыктар аларга америкалыктар батыш Ооганстандан кол салууга камынып жатат деп ишенишкендиктен, ошол жактагы күчтөрдү активдештире баштаган өңдүү, - дейт пакистандык журналист.

Табылган курал-жарактардын басымдуу бөлүгү Иранда жасалгандыктан, булардын баарын иран бийликтери билбейт деп да айтууга да болбойт, деп ойлойт Роберт Гейтс. Сентябрда болсо АКШнын Мамкатчысынын орун-басары Жон Неграпонте Вашингтон Бейжинге да “Эмне үчүн Иранга курал сатасыңар, алар кийин талибдерден табылып жатат?” деп даттанганын билдирди.