Өмүрзак Өзбеков Казак Республикасынын Жер ресурстары боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Нурсултан Назарбаев 22-январда кол койгон. Бүгүн мурдагы элчи менен Тышкы иштер министр Эднан Карабаев жолугушуп, кыргыз-казак алакаларын өнүктүрүүгө зор салымы кошкону үчүн Ардак грамота тапшырды. Өмүрзак Өзбеков Астанага эртең жөнөп кетет. Анын ордуна ким дайындалаары азырынча белгисиз деп кабарлайт Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы. (JTo)