АКЦИЯЛАРДЫ ЧЕКТЕГЕН ТОКТОМДУН СОТТОН БАШЫ ЧЫГА ЭЛЕК

Нааразылык акцияларын өткөрүүнү иретке келтирүү жөнүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин токтомун жокко чыгаруу тууралуу «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилованын арызын кароону райондор аралык сот 25-январга которду. Бүгүнкүгө белгиленген соттун болбой калышына жоопкер тараптын сотко келбей калышы себеп болду.
Бишкек шаардык кеңеши аталган токтомду 2007-жылдын 5-декабрында чыгарып, анда митинг, пикет, жөө жүрүш сыктуу нааразылык акцияларын өткөрүүгө Бишкек шаары боюнча үч орунду чектеген, калган жерлерге тыюу салган. Ошондой эле токтомго ылайык демилге көтөргөн тарапка акция өткөрүү тууралуу арызын тиешелүү райондук бийликке он күн мурда берүүнү, акция учурундагы бардык чыгымдарды мойнуна алууну милдеттендирген. Мындай чечим ириде Кыргызстандын баш мыйзамына каршы келет деп эсептеген жарандык лидерлердин жоон тобу сотко кайрылышкан.

«Демократия жана жарандык коом үчүн!», «Тынчтык маданият жарыгы», «Кылым шамы» өндүү уюмдардын арыздарын сот ирети менен карап келатат, бирок, канагаттандырган чечим кабыл алына элек.

Бул аралыкта парламенттик кезексиз шайлоого нааразылык билдирип чыккан «Мен ишенбейм!» акциясын уюштургандар камакка алынып, сот жообуна тартылышты. Шаар кеңештин токтомуна байланыштуу берилген арыздардын каралып бүтпөй жатышынан улам Бишкек шаардык соту «Мен ишенбейм!» акциясынын катышуучуларынын апелляциялык арызын кароону да убактылуу токтотуп турат. Алардын катарында жети күнгө кесилген укук коргоочу Төлөкан Исмаилова адамдардын укуктарын чектеген фактылар өлкөдө көбөйүп бараткандыгын билдирди:

- Бишкек шаар кеңеши токтом кабыл алгандан кийин укук коргоочуларга каршы, активисттерге каршы, конституциялык укуктарын иштеткенге аракет кылган адамдарды бүгүнкү күндө милиция аркылуу запкы көрсөтүп, түрмөгө чейин алып барып камап койгон фактылар көбөйүп атат.

Анткен менен демилгечи саналган Бишкек шаар башчысы Данияр Үсөнов шаардык кеңештин мындай чечими мыйзамга каршы келет деп эсептебейт. Токтомдун башкы максаты акцияларга катышпаган жарандардын укугун коргоо менен бирге шаарда тартип орнотуу экендигин токтомду кабыл алган шаар кеңештин отурумунан кийин дароо эле билдирген болчу:

- Өзүбүздүн шаарыбызда тартип орнотолу деп чечтик. Ошол сунушту депутаттар колдошту. Эмнеси жаман?

Ошол эле мезгилде парламенттик кезексиз шайлоо өтөр алдында кабыл алынган бул токтомду бийликке жан тартпаган саясий күчтөр авторитаризмди орнотуу максатын көздөгөн мамлекеттик саясаттын бир көрүнүшү катары баалашкан. Токтом кабыл алынардын алдында шаардык кеңештин төрагалык кызматынан четтетилген Нуржамал Байболова токтомдун кабыл алынышын бийликтин бир колго топтоонун айкын көрүнүшү катары белгиледи:

- Мени таң калтырган нерсе – ошол эле депутаттар, ошол эле шаардык кеңеш кайра-кайра өз чечимдерин кабыл алып, жокко чыгарып, анан кайра кабыл ала берип, принципиалдуулукту көрсөтө алышкан жок да.

Нуржамал Байболова бул токтомду жокко чыгаруу аракеттеринен кандайдыр бир майнап чыгарына ишенбейт. Анткен менен, адвокат Нина Зотова мындай көрүнүштү жайына таштап коюуга болбойт деген ойдо:

- Шаардык кеңештин чечими Конституцияга каршы келет. Ошондуктан, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү үчүн Конституциялык сотко чейин даттануу зарыл, - дейт адвокат.

Нааразылык акцияларын иретке келтирүү жөнүндөгү бул токтом эгемен Кыргызстандын учурунда биринчи жолу чыккан жери жок. Мындай токтом 2005-жылдын 11-январында да кабыл алынып, март окуясынан кийин шаардык кеңеш аны мыйзамсыз деп, жокко чыгарган. Ноябрь, апрель митингилерине аралаш акцияларга чектөө киргизүү демилгеси шаар бийлиги тарабынан бир нече жолу көтөрүлүп, бирок ишке ашпай калган болчу. Жаңы шаар жетекчилеринин тушунда кабыл алынган акыркы токтом адам укуктарына каршы келерин эми эл аралык уюмдар дагы айта башташты. Бул маселени бир катар укук коргоочулар келерки аптанын башында баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен да талкуулаганы турушат.