ДҮЙНӨДӨГҮ АДАМ УКУГУНУН АБАЛЫ ЖЫЛ САЙЫН НАЧАРЛАП БАРАТ

2007-жылы дүйнөдөгү эркиндик абалында жакшы жылыштар болгон жок. Бул тууралуу Эл аралык “Freedom House” уюмунун жылдык докладында айтылат. Шейшембиде жарыяланган “2007-жылы дүйнөдөгү эркиндиктин абалы” деп аталган докладка ылайык, эркиндиктин абалы изилденген 193 өлкөнүн ичинен постсоветтик Беларус, Түркмөнстан жана Өзбекстан “толук эркин эмес” деген топко кирген.
Соңку эки жылдан бери катары менен “Freedom House” уюму “дүйнөдө эркиндик кыскарып баратат” деген жыйынтык чыгарып келүүдө. Уюм жыйынтык чыгарганда өлкөлөрдү үч топко бөлгөн: “эркин”, “жарым-жартылай эркин” жана “эркин эмес” деп. Докладка ылайык, 2006-жылдан бери эч бир өлкөдө абал жакшырган эмес. “Freedom House” уюмунун директору Крис Уолкер мурдагы Совет өлкөлөрүнүн көбүндө адам укугу багытындагы көрсөткүчтөр төмөндөп барууда:

Мурдагы Советтер союзуна кирген өлкөлөрдө эркиндиктин күчү басаңдап баратат. Балтика боюндагы мамлекеттерди кошпогондо, бүгүн ал жердеги 12 мамлекеттин ичинде жетөө “эркин эмес”, төртөө “жарым жартылай эркин”, бирөө гана, Украина эле, “эркин” деп табылды. Демек, дүйнөнүн ушул бөлүгүндөгү эркиндик үчүн бул маанилүү көрүнүш.

Крис Уолкердин айтымында, Беларусия, Түркмөнстан жана Өзбекстан “толук эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесине кирип, адам укугун коргоо багытында “эң начар” деп бааланган. Ал эми саргылт ыңкылаптан кийин Украинада болгон шайлоолор курч атаандаштыкта, бирок тынч өтүп, катышуучулар анын жыйынтыгына ынанышты.

2007-жылы ноябрдагы оппозиция митингисинин күч менен таратылышы Грузияны “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарына кошулушуна шарт түздү. Бирок буга карабастан, Уолкердин айтымында, Грузияда оппозиция өзүн бир топ эле эркин сезет. Докладда Орусия Борбор Азиядагы авторитардык режимде жашап жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулган дейт Крис Уолкер:

Өткөн 2007-жыл Орусиядагы авторитардык бийликтин жактоочуларынын биригүүсү үчүн маанилүү жыл болгонун көрдүк. Буга декабрдагы парламенттик шайлоодогу бурмалоолор мүмкүндүк берди. Натыйжада, жыл соңуна барып, орусиялыктардын келерки президентти ачык жана адилет тандоого мүмкүнчүлүгү жок экени айкын болду.

Уолкердин айтымында, Азербайжан жана Казакстан дагы “эркин эмес” деп бааланган. Докладда адам укугуна кысым жасап, эркиндикти чектегени үчүн Иран диктатордук режимдеги өлкө деп аталган.

“Freedom House” уюмунун жылдык доклады бийлик өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн ошол өлкөдөгү эркиндиктин абалына буруу максатында жарыяланып келет. Алар талкуу жолу менен өлкөдөгү эркиндиктин абалын кантип жакшыртуу багытында иш алып барышы керек дейт Крис Уолкер.

“Бирок Орусия өңдүү айрым өлкөлөр муну душмандык менен кабыл алат. “Эркин эмес” деп аталган өлкөлөрдө бийлик докладда айтылган маалыматтарга кош көңүл мамиле жасайт”,-дейт Уолкер.

Эл аралык “Freedom House” уюмунун быйылкы көрсөтүчү былтыркы жылдан анча деле айырмаланган жок. Өткөн жылы дагы 90 мамлекет “эркин” деп аталган эле. Ал эми “таптакыр эркин эмес” делген өлкөлөрдүн саны экиге кыскарып, “жарым жартылай эркин” жумурияттар экиге көбөйдү. Мындай өлкөлөрдүн саны алтымыш болгон.