“КОШОЙ-КОРГОН” АТТУУ СҮРӨТЧҮЛӨРДҮН КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Өткөн жылы декабрда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде эл аралык сүрөтчүлөр, айкелчилер жана кол өнөрчүлөрдүн “Кошой-коргон-2007” деген көргөзмөсү ачылып, жайында сүрөтчүлөр тобу тарткан эмгектери адистердин көңүлүн бурган. Ошол “Кошой-коргон” көргөзмөсүнө коюлган чыгармаларды иргеп Нарын искусство галареясы түстүү китеп чыгарды.
Өткөн жылдын декабрында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылган «Кошой-коргон 2007» эл аралык көргөзмөгө Улуу Британия, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын отузга жакын таанымал сүрөтчүнүн эки жүздөн ашуун эмгеги коюлган.

Алардын катарында англиялык фотосүрөтчү Карл Уэтэмдин, орусиялык белгилүү айкелчи Даши Намдаковдун, казакстандык Зейналган Мухаметов, Мелдехан Касымбек, Динара Нугер, кыргыз эл сүрөтчүлөрү Таалай Курманов, Юристанбек Шыгаев, белгилүү сүрөтчүлөр Адылбек Байтереков, Рифкат Бухарметов,Сапар Осмоналиев, Таалай Усубалиев жана башкалардын эмгектери тандалып, орус жана англис тилдеринде “Кошой-коргон” эл аралык пленэри деген түстүү китеп каталог жарык көрдү.

Китепти чыгарууга демөөрчү болгон Нарын искусство галареясынын жетекчиси Гүлмира Мамбеталиеванын айтымында, Атбашыдагы Кошой Коргон тарыхый эстелигин жана кыргыз жеринин кооздугун чет элдиктерге, туристтерге таанытуу жана кыргызстандык сүрөтчүлөргө чыгармачылык жигер берүү максатында каталог чыкты.

Былтыр жайында “Дордой” ассоциациясынын демилгеси менен улуу британиялык, орусиялык, казакстандык жана кыргызстандык отузга жакын сүрөтчү Нарын, Атбашы аймагында бир жума чыгармачылык сапарда болушкан.

Алар Кошой Коргондо, Ташрабатта, Салкынтөр, Босого жайлоолорунда болушуп, сүрөт тартып келишкен.

«Ошол бир жумалык сапар чыгармачылыгыма унутулгус учур, чоң казына болуп берди», - дейт сүрөтчү Сапар Осмоналиев.

Китепти көркөмдөгөн өлкөнүн сүрөтчүлөр кошуунунун башкармалыгынын мүчөсү, белгилүү реставратор Таалайбек Усубалиевдин пикиринде сүрөтчүлөрдүн мындай жыйнагы көп жылдан бери чыга элек болчу. «Кошой Коргонго жасаган чыгармачылык сапары сүрөтчүлөргө чыгармачылык демөөр берип, шыктандырды, дейт Таалайбек Усубалиев.

Жаш сүрөтчү Айып Алакунов Кошой-Коргонду сүрдүү кылып тарткан. Анын эмгегине көз салган адам бул эстеликти тарыхтагыдай таамай көз алдына тартат. Кара көк асмандын фонунда Кошой Коргонго азыр эле душмандар чабуул койчудай болуп тартылган.

“Кошой-коргон” көргөзмөсүн жана эл аралык чыгармачылык сапарды уюштуруучуларынын бири Гүлмира Мамбеталиеванын айтымында мындай чыгармачыл инсандардын сапары Улуу жибек жолу менен улантылып, быйыл жайда Кытай жана Казакстан жергесине барып, сүрөт тартып келишмекчи.