ЖЕР ОРТОЛУК БАССЕЙНИНДЕ СУУЛАР БӨКСӨРҮП, ЖЕР КАКЫРООДО

Элдин саны ылдам темп менен өсүшү, климаттагы өзгөрүштөр жана туура эмес ирригация схемалары дүйнөнүн айрым чөлкөмдөрүндө жер астындагы, жер үстүндөгү суу булактарынын бөксөрүүсү өңдүү олуттуу кесепеттерди пайда кылууда. Андай чөлкөмдөрдүн бири Түркияны да камтыган Жер ортолук бассейни.
Глобалдык жылуулук жана ага эриш аркак климаттагы өзгөрүштөр өзгөчө Европа жана Американын түндүгүндө суу ташкындарына, көчкүлөргө себеп болсо, бул - жер шарынын түштүк чөлкөмдөрүндө туура эмес, айыл-чарба жана ирригация саясаттары менен коштолуп, ансыз деле каат болгон жер асты жана жер үстү суу ресурстарынын бөксөрүшүнө жана жүрүп олтуруп жердин какырашына себеб болууда. Буга эң айкын мисалдардын бири Түркиянын жерортолук деңизине жээктеш түштүк жана орто Анатолия чөлкөмдөрү.

Борборазияда Арал Деңизи баштан өткөрүп жаткан трагедиянын бир варианты да, Түркияда--- өлкөнүн буудай амбары деп эсептелген, кооз көлдөрү жана тунжураган ээн эгин талаалары менен таанымал Коня талааларындагы Акшехир көлүнүн башынан өтүп жатат. Насирдин Апенди уютку салып айран уютам деген бул көл, илимпоздордун айтымында 5 миллион жыл мурда жаралган керемет көл, климаттык өзгөрүштөр менен бир катарда чөлкөмдөгү жерасты гидро-ресурстардын кийинки жылдарда өзгөчө айыл-чарбада абдан ургаалдуу түрдө пайланыла баштоосунан улам бөксөрүүдө. Christian Science Monitor гезитинде чыккан бир макалада кийинки 15 жылдын аралыгында бул көл биротоло какырап калгандыгы айтылат. Акшехир ооданынын айыл-чарба башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, ушул аралыктын ичинде көлдүн 353 чарчы /км аянты 30 чарчы /кмге түшүп кеткен.

Бул жалпы Жер ортолук бассейнине мүнөздүү көрүнүш экенин баса көрсөткөн CSM дагы макаланын авторунун белгилешине ылайык, бүт бассейн боюнча жер асты гидро-ресурстар өтө ылдам темп менен сорулуп жатат. Мисалы дейт ал - Италиянын Милано аймагында жер-астындагы суунун деңгээли кийинки 80 жылдын аралыгында 25 метрге бөксөргөн. (World Wildlife Fund -WWF) “Дүйнөлүк жапайы жаратылыш корунунун” маалыматына ылайык, гидро-ресурстардын ушундайча активдүү пайдаланышылынын натыйжасында чөлкөмдөгү дарыя-өзөндөрдүн 50 пайызы коркунуч астында калган. Буга кошумча, Жер ортолук деңизине жээктеш аймактардын 150 миң чарчы /кмдик бөлүмү, башкача айтканда Улуу Британиянын аянтына тең жээк тилкелери какырап чөл болуу коркунучуна кабылды. Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Жер ортолук чөлкөмүндө суу ресурстарына болгон талап дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу ылдам темп менен өсүүдө. Бул аймакта 20- кылымдын экинчи жарымында сууга болгон талап эки эсеге көбөйгөн. Израил жана Кипр өңдүү аз сандагы өлкөлөр өзүлөрүнүн суу керектөөсүн турукташтырышып алышканына карабай, бул аймактагы башка өлкөлөрдүн алдыдагы ондогон жылдардын ичинде суу керектөөсү улам өсө берүүсү күтүлөт. “Бул факты болсо өз учурунда, Арал Деңизи жана Түркиянын Акшехир көлү мисалында болгон өңдүү, дарыя, көл жана өстөндөрдүн какшып кургашына, ансыз деле туруктуулугу эч качан болбой келген бул аймактарда жаңыча куралдуу кагылышууларга алып баруу коркунучун пайда кылбай койбойт” дешет адистер.