Акыркы күндөрү зилзаладан өзгөчө жабыркаган карасуулуктарды коопсуз жайларга көчүрүү улантылууда. Бирок алар жаңы убактылуу конушундагы акыбалы ич жылытаарлык эместигине даттанышса, Өкмөт жана жергиликтүү аткаминерлер мындай дооматка макул эмес.
Жер титирөөдөн катуу жапа чеккен Карасуу районунун Карасөгөт, Тогузбулак кыштактарынан 279 киши коопсуз жайга көчүрүлүп, ушул эле райондун Каттаталдык айыл өкмөтүнө караштуу Башбулак айылындагы кесипчилик окуу жайынын жатаканасына жайгаштырылды. Убактылуу лагердин башчысы Базаргүл Байзакованын билдирүүсүнө караганда, булардын басымдуулугу кемпир-чал, келин-кесек жана өңчөй балдар. Алардын саны күн өткөн сайын көбөйүүдө.
Тогузбулактык Абыт Мамиев 26-декабрда эле жердештеринин үйлөрүнүн көбү жараксыз болуп, 1-январда биротоло кулап калгандыгына, бийлик алдын ала чараларда көрбөгөнүнө өкүнүп, гумжардам келгени менен кары-картаңдарга ылайыктуусу жоктугуна:
- Оокат берип атат, кийим-кече тие элек, - ушинтип кыйла кейиди.
Бир бөлмөдө 5-6 үй-бүлөдөн жансактаган апалар көйгөйлөрүн мындайча бөлүшүштү:
- Печкалар бузулуп калды эле, бүгүн оңдоп кетишти.
Карасөгөттүк Ыкыбал Эргешова Башбулактын шартына көнө албай жатышкандыгын, өлбөгөн жанга эртең эле жаз келээрин, ошол себептүү бийлик батыраак жер маселесин чечип, үй курганга жардамдашса деген үмүттө.
- Жаз келгенден кийин булардын колун карап отура бербей, биз өзүбүзгө өзүбүз аракет кылышыбыз керек. Жогорку мамлекеттик кызматкерлерге кайрылат элем, бизге жер жана ссуда боюнча маселесин эртерээк чечип беришсе, - дейт Ыкыбал Эргешова.
Биз барган учурда Алай районунун акими Жумаш Калыбаев жабырлануучуларды чогултуп, гумжардам иретинде 25 тонна көмүр тапшырып жаткан экен, тигилер «Бул жерде жага албайт экенбиз, шарт жок. Андан көрө Карасөгөттө, Тогузбулакта калгандарга жеткирип берүүңүздөрдү өтүнөбүз?» дешсе, Карасуу районунун Каттаталдык айыл өкмөтүнүн башчысы Эгемберди Асанов кепти жыра тартып, «Биз деле жабыр тарттык, ошого карабастан силерди батырып, а түгүл багып жатабыз, андыктан, бул көмүрдү башбулактыктарга калтыргыла!»
- Карасөгөттө эл чатырда жашашат экен. Азыр бир да гумжардам ала элекпиз. Баары жокко тегиз карайлы, - деп эл көзүнчө күпүлдөдү.
Башбулактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Марапат Казыбаева көчкүндөрдүн бирөөсү жер титиреген учурда буту сынып ооруканага жеткирилгендигин, азырынча 100дөн ашык адам кайрылып, көбүнө суук тийип, кан басымы көтөрүлсө да ушул жерде дарылап, кармап турушкандыгын мындайча түшүндүрдү:
- Суукка урунуп калгандар бар. Жетибулакта бир адамдын буту сынган экен, Ошону гана ооруканага жеткиришти. Калагандар ушул эле жерден дарыланып жакшы болуп атышат, - деди Марапат Казыбаева.
Өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Искендер Айдаралиев карасуулуктардын дооматы жүйөөлүү, алардын талабын канааттандыруу максатында бардык зарыл чаралар көрүлөт деп ишендирди:
- Кээ бир үйлөр кулап калган, кээ бир үйлөрдүн ичине киришке болбойт. Мамлекет болгондон кийин мамлекеттик камкордук болот. Ссуда, кредит берүү броюнча да иштейбиз, - дейт Искендер Айдаралиев.