АКШ президенти Жорж Буш шаршембиде Израиль жана палестин аймагындагы алгачкы ырасмий сапарын Тель-Авивден баштады. Андан ары бир нече арап мамлекетине бара турган Буш Жакынкы Чыгыштагы сапары аркылуу Израиль-Палестина тынчтык жараянын ыкчамдатып, Ирандын чөлкөмдөгү таасирин чектөөнү көздөйт.
Жорж Бушту аэропортто Израилдин аскердик оркестринин коштоосунда президент Шимон Перес жана премьер-министр Эхуд Ольмерт баш болгон ырасмий адамдар тосуп алышты. Ушул эле күнү Израилдин жетекчилери менен сүйлөшүү өткөргөн соң Буш менен Ольмерт Иерусалимде журналисттер менен жолугуп, 2 ай мурда АКШдагы Аннаполис шаарында жанданган Жакынкы Чыгыштагы тынчтык боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнү улантууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал жыйында Израил менен Палестинанын жетекчилери Жорж Буш эмдиги жылдын башында президенттик кызматын тапшырганга дейре тынчтык келишимине кол коюу ниетин билдиришкен эле. Эхуд Ольмерт анын өкмөтү бул багытта колдон келген аракетин жасап жатканына ишендирди:
-Израил тарап бул сүйлөшүүлөрдү өтө олуттуу маанайда өткөрүп, чечиле турган маанилүү маселелерде мунаса таап, ортодогу макулдашууга жол табуу ниетинде.
АКШ президенти Израиль менен Палестинанын азыркы жетекчилерине ишенгени үчүн келгенин белгиледи:
-Мен сизге, премьер-министр мырза, жана Палестин президенти Аббаска ишенбесем, силердин сүйлөшүүңөр абдан олуттуу маанайда өтүп жатканына ынанбасам бул жерде турбайт элем. Менин жеке көз карашымда, азыр элдин баары колдон келген мүмкүнчүлүктөр менен талаштуу маселе эмнеде экенин түшүнүп калышты.
Жорж Буштун Жакынкы Чыгыштагы 8 күндүк сапары маалында талкууланчу башкы маселелердин бири – Иран экенин Израилдин президенти Шимон Перес эске салып, Вашингтондон Тегеран, “Хамас” жана “Хезболланын” каарын токтотууга жардам берүүсүн өтүнө кетти.
- Биз сиздин Ирандын коркунучун көңүлдөр чыгарбоо тууралуу кеңешиңизге кошулабыз. Иран да биздин өзүбүздү коргоо кудуретибизди жетиштүү баалашы керек.
Иерусалимдеги маалымат жыйынында Кошмо Штаттардын президенти Ирандын коркунучу тууралуу көз карашын дагы бир жолу кайталай кетти.
-Эл аралык коомчулук Иран дүйнө жүзүндөгү бейпилдикке кандай коркунуч келтирип жатканын ачык-айкын түшүнүшү керек. Биз Иран маселесинде Европалык өлкөлөр, Орусия, Кытай жана башка мамлекеттер менен мындан ары да иштешебиз.
Бейшембиде Буш Иордандын Батыш жээгинде болуп, палестин жетекчилери менен жолугушат. Ишембиде Кувейт, Бахрейн, андан ары Бириккен Арап Эмираттары, Сауд Арабия жана Египетке барат.