ГРУЗИЯДА МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ

Грузияда бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкөнүн президенти ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон Михаил Саакашвили менен бирге дагы алты талапкер президенттикке ат салышууда. Оппозиция бийликти шайлоо учурунда акимдик ресурсту кеңири колдонушу ыктымал деп сынга алды, бирок өкмөт бул айыптоолорду четке кагууда.
Коомдук сурамжылоого ылайык, Михаил Саакашвили бардык талапкерлерден алдыда турат. Эгерде Саакашвили бүгүн шайлоочулардын 50 пайыз добушун топтой алса, эки жумадан кийин өткөрүлүүсү күтүлгөн айлампа болбой калат. Бириккен оппозициянын өкүлү Леван Гачечиладзе Саакашвилинин эң башкы атаандашы болушу ыктымал.

Президентти тандоо менен кошо шайлоочулар парламенттик шайлоо жазында же күзүндө өткөрүлүшү керекпи жана өлкө НАТОго кошулууга тийишпи деген суроолорго жооп беришет. Беш миллион калкы бар Грузияда добуш берүү Бишкек убактысы менен кечки саат ондо аяктайт.

Шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл салуу үчүн өлкөгө жүздөн ашуун эл аралык байкоочулар келишти. Эркин Европа Азаттык үналгысынын грузин кызматынын директору Давид Какабадзенин айтымында, добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар тууралуу кабарлар бар:

Айрым добуш берүү чөлкөмдөрүндө техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу кабарлар бар. Мындан сырткары айрым шайлоо түйүндөрү белгиленген убакыттан кеч ачылды. Биздин кабарчыбыздын айтымында, кайсы бир шайлоо чөлкөмүндө комиссия байкоочулардын сынын четке каккан.

Деген Давид Какабадзе аба-ырайынын кескин бузулушу дагы шайлоонун жүрүшүнө таасир тийгизиши мүмкүндүгүн эскертти:

Эки күндөн бери токтобой жаап жаткан кар көпчүлүк шайлоочулар үчүн тоскоолдук кылууда. Грузиянын алыскы аймактарында жашагандар шайлоо чөлкөмдөрүнө жетүүдө кыйналып жатышат. Тбилисиде дагы ушундай көйгөй байкалууда.

Добуш берүүнү мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечими өткөн ноябрда оппозициянын ири демонстрациялары күч менен басылгандан кийин кабыл алынган. Шайлоо “Роза ыңкылабы” жана анын толкунунда бийликке келген президент Саакашвили үчүн ири сыноо катары каралууда. Өлкөдө чукул абал киргизилип, көз карандысыз сыналгылардын жабылышы бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарынын сын-пикирлерине кабылган. Бүгүн Тбилисиде добуш берген соң Михаил Саакашвили өлкөнүн ар бир атуулу мамлекеттин келечеги үчүн жоопкерчилик сезиши керек деди:

Бул шайлоо менен Грузиянын тагдыры чечилет. Бүгүн аба-ырайы кандай гана болбосун, кандай гана башка маселелер алдынарда турбасын, мен силерди өлкөнүн тагдырын чечүүдө башкы ролду ойноого чакырам.

Анын аралыгында, шайлоодо дагы бир талапкер - Гачечиладзе “оппозиция бардык мыйзам бузуулардын алдын-алууга даяр”,-деп билдирди:

Биздин маанайыбыз абдан жакшы жана биз күрөшкө даярбыз. Бул шайлоодо кандай гана мыйзам бузуулар болбосун, биздин штаб аларды токтотууга даяр.

Шайлоо алдында Гачечиладзе өз талапкерлерине “добуш берүү эркин болбойт андыктан шайлоо түйүндөрүндө кылдат болгула” деп кайрылды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысы Олки Хастингс “бүгүнкү шайлоо грузин бийлигинин демократияга канчалык берилгенин көрсөтөт”,-деди:

Грузия евроатлантика үйбүлөсүнө мүчө болуу ниетин билдирди. Аларда мындай мүмкүнчүлүк бар. Бул шайлоо көп нерсени чечет.

Кесиби боюнча адвокат Михаил Саакашвили 2003-жылы “Роза ыңкылабынын” натыйжасында бийликке келген жана демократ мамлекет башчы атыккан. Эң башынан эле ал Батыш менен интеграцияга багыт алып, Грузия НАТО менен Евробиримдикке кирүүгө татыктуу деп ишендирүү аракеттерин көрүп келди. Бирок ноябрдагы грузин өкмөтүнүн көз каранды эмес басма сөзгө жана оппозициячыл күчтөрдүн демонстрацияларына карата орой мамилеси Саакашвилиге каршы маанайдагы пикирлерди кескин күчөткөн.