Өзгөчө кырдаал министрлигинин оперативдүү штабынын жетекчиси Пайзулла Кенжебаевдын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда Ош шаары боюнча алты оперативдүү топ иштеп, жалпысынан 120 үйдү изилдөөдө. Акыркы маалыматтарга караганда, 8 үй, 1 мектеп,36 квартиралуу кабат үй кыйрай турган абалда деп аныкталды. Пайзулла Кенжебаевдин айтымында, жер титирөө болгон аймакта иш алып барып жаткан комиссиянын жыйынтыгы жакынкы эки үч күндүн ичинде белгилүү болот. 26-декабрда саат 10:45те зилзаланын очогу Ош шаарынан 25 чакырым түштүк-чыгыш тараптагы Ноокат районунун Көкбел айылында болуп, күчү алты, алты жарым баллга чейин жеткен. (MSu)