“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ АРАКЕТТЕ

Жаңы түзүлгөн «Акыйкат үчүн» кыймылы бүгүн кезектеги отурумуна чогулуп, жакынкы аралыкта аткара турган иштердин багыттарын талкуулашты. Курамына бийликке сынчыл көз караштагы 8 партия, 11 уюм кирген кыймыл чукул арада республикалык конференция өткөрүүнү башкы максат кылууда.
Уюштуруучулардын маалыматтарына караганда, «Акыйкат үчүн» кыймылынын түзүлүшүнө 16-декабрдагы кезексиз парламенттик шайлоонун мыйзамсыз өтүшү, адам укуктарынын басмырланышы түрткү болду. Бирок, кыймыл бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы нааразылык акциялары аркылуу эмес, мыйзамдуу жолдор аркылуу күрөшүүнү дымак кылууда. Бул тууралуу кыймылга мүчө «Болуш» уюмунун лидери Сапар Аргынбаев «Азаттык» менен ой бөлүштү:

- Митинг менен бийликти эсине келтире албастыгыбызга көзүбүз жетип турат. Булар менен мыйзам чегинде сүйлөшпөсөк жакшы жыйынтыкка келе албайбыз деген тыянакка келип жатабыз.

Ошон үчүн кыймыл кыштын жакынкы айларында элдик курултай өткөрүп, элдин пикирин, бийликке нааразылыктардын себептерин, бийликтин жана оппозициянын ишмердүүлүгүнүн оң-терс жактарын таразалап алууну максат кылууда. Курултайдын күн тартиби январдын орто ченинде өтө турган конференцияда талкууланат. «Ата мекен» партиясынын лидерлеринин бири Темир Сариев алдыда күтүлүп жаткан жыйындын башкы максаты тууралуу буларды белгиледи:

- Негизгиси шайлоонун жыйынтыктарын тааныбоо жана Кыргызстандын бугүнкү болуп жаткан саясатынын бүгүнкүсүнө жана келечегине толук анализ берип, анан өзүнүн сунуштарын берүү.
Январдын ортосуна белгиленген конференция уюмдун жобосун бекитип, Абийир кодексин кабыл алары да күтүлүүдө.


Сапар Аргынбаевдин билдиргенине караганда, Абийир кодексинде Кыргызстандын келечеги, акыйкаттык үчүн кыймылга бириккен мүчө уюмдарга жеке кызыкчылыктарга, бийликтин ар кандай оюндарына азгырылбоо өңдүү шарттар киргизилген.

Уюштуруу иштери менен алектенип жаткан лидерлер азыр кыймылдын келечеги кандай болорун болжошо элек. Жобо кабыл алынганга чейин уюштуруу иштерин убактылуу көзөмөлдөп жаткан саясат таануучулар ассоциациясынын башчысы, экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, башкы максат коомдогу акыйкаттыкты сактоого кудуреттүү жаңы стратегиялык-тактикалык аракеттерди иштеп чыгуу болууда. Бул максат өңчөй оппозициячыл күчтөрдү бириктирип турат деген көз карашты «Таза коом» саясий партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров бөлүшкөн жок:

- Жок, бул жерде жалаң эле оппозиция эмес. Мисалы, «Таза коом» чордончул да. Мындайча айтканда, Кыргызстанда демократиялуулукту, мыйзамдуулукту жана атуулдук эркиндикти сактоого кайдигер карабаган уюмдар менен саясий партиялардын биримдиги болуп атат.

Анткен менен шайлоого баруу ниетин билдирген калган партиялардын кыймылга кирүү аракеттери байкала элек. Кыймыл боюнча маалыматы жогун өздөрүн конструктивдүү оппозициянын катарында санап, 16-декабрдагы шайлоо тыянактарын кескин сынга алып жаткан Социал-демократтар, «Эркиндик» партияларынын лидерлери билдиришти.

Конструктивдүү оппозицияга чыкканын шайлоодон кийин жарыялаган «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев, маселен, мамлекеттик төңкөрүш жасоого ыктаган күчтөр мыйзамдуу жол менен демократиялык баалуулуктарды коргошу мүмкүн эмес деген көз карашта:

- Мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасап жүргөндөр же өткөн Акаевдин заманында миллиардер болуп кеткен олигархтар айта турган болсо, албетте, бул чындыкка жакын эмес.

Кыймылга кирген сегиз саясий уюмдун катарында оппозициядагы «Ата мекен», «Ар намыс», Жашылдар партиялары бар. Алар кыймылга кирүү максатын бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы мыйзамдуу күрөштүн жолун издеп жаткандыгы менен түшүндүрүшүүдө.