12:46 И.Карыпбеков: Маалымат каражаттары шайлоо күнүн объективдүү чагылдырышты

“Медиа өкүл институту” өлкөнүн бардык облустарында журналистттердин жана операторлордон турган 48 мобилдүү топ түзгөн. “Ал топтор 16-декабрь, чукул парламенттик шайлоо күнү, мурдагы шайлоолордо эң көп мыйзам бузуулар катталган 115 участкада добуш берүү жүрүшүн көзөмөлдөп турушту”, - деди Илим Карыпбеков бүгүнкү маалымат жыйынында. Анын айтымында, Кыргызстанда көз карандысыз маалымат каражаттары дээрлик жок болгонуна карабастан, шайлоо күнү маалымат так жана объективдүү берилгени бул долбоордун натыйжасында көрүндү. (JTo)