Алдын-ала берилген маалыматтарга ылайык, Түштүк Кореяда президенттик шайлоодо консерватор, оппрозициянын өкүлү Ли Мен Пак 50.3 пайыз добушка ээ болуп, алдыга оозуп чыкты. Пак өз шайлоочуларына эгерде президент болуп шайланса, ишкерчиликти өнүктүрүүгө убада кылган болчу. АКШнын мамлекеттик департаменти Лини жеңишин кубаттады. Департаменттин өкүлү Том Кейси АКШ Ли Мен Пактын жаңы өкмөтү менен тыгыз иштешерине үмүт артты.