ЭЛ АРАЛЫК ГУМАНИТАРДЫК УКУК БОЮНЧА БОРБОР АЗИЯ КЕҢЕШМЕСИ

Бишкекте Орусия, Украина жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскердик окуу жайларынын жетекчилери эл аралык гуманитардык укукту окутуу боюнча кеңешип, тажрыйба алмашууда. Бул кеңешме Эл аралык Кызыл чырым уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп жатат.
Эл аралык гуманитардык укук боюнча кеңешмеге Орусия, Украина, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын аскер окуу жайларынын өкүлдөрү катышууда. Эл аралык кызыл чырым уюмунун демилгеси менен мындай кеңешме, тажрыйба алмашуу мурда жылы Ташкентте, былтыр Самарканд шаарында өткөрүлгөн.

Өлкөнүн коргоо министринин орун басары Кубанычбек Орузбаевдин пикиринде куралдуу чыр-чатактар, согуш учурунда эл аралык гуманитардык укуктарды билүү, сактоо жана аткара билүү үчүн мындай кеңешменин мааниси зор.

-Айрыкча мындай эл аралык миссияны аскердик адистер ийне- жибине чейин билүүсү зарыл. Ошондуктан 1998- жылдан бери Кыргызстандын аскер лицейинде жана окуу жайларында эл аралык гуманитардык укук боюнча сабактар окутулуп, жаш адистерге билим берилип келатат. Бул багытта Эл аралык кызыл чырым жана кызыл жарым ай коомдору зор иштерди аткарууда.

Эл аралык кеңешменин катышуучулары Бишкектеги кыргыз улуттук аскер лицейиндеги окуу- тарбия иштери менен таанышып, Эл аралык кызыл чырым уюмунун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү билим берүү, агартуучулук программаларынын аткарылышын талкууга алышты.

Ошондой эле эл аралык гумантитардык укуктарды практикада колдонуу боюнча да усулдук көрсөтмөлүү сабактар уюшулду.

Эл аралык кызыл чырым уюмунун Бишкектеги бөлүмүнүн укуктук жана билим берүү программасынын координатору Данияр Жакыповдун айтымында эл аралык гуманитардык укуктардын негиздерин аскер кызматкерлери билүүсү шарт.

-Ошондуктан мындай кеңешме Бишкекте алгач ирет өткөрүлүп, бул маселеге олуттуу мамиле болууда. Ал түгүл эл аралык гуманитардык укуктарды орто мектептердин жогорку классынын окуучуларына да окутуп, бул боюнча түшүнүк берүү зарыл жана учур талабы. Себеби эл аралык гуманитардык укук боюнча негизги документтер 600 беренеден турат. Бул миссиянын алкагында биринчи кезекте куралдуу кагылышуулардын айынан жарадар болгондорго, оорулууларга, аскер туткундарына жана согушка катышпаган бардык атуулдарга гуманитардык жардам көрсөтүлөт. -, дейт Данияр Жакыпов.

Аскер эксперти Токтогул Какчекеевдин пикиринде мындай гуманитардык укук боюнча кеңешмелерди өткөрүү пайдалуу, бирок эл аралык уюмдар мындай иш-чарага көп чыгым жумшап, жумуш кылып жатышат деген отчет үчүн гана керек.

Быйыл эле Эл аралык кызыл чырым уюму 80ге жакын өлкөгө 89 миллион швейцариялык франк гуманитардык жардам көрсөткөн. Айрыкча куралдуу кагылышуулардан жапа чеккен Ирак, Судан жана Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдүн карапайым калкына бул уюм жардам берип келүүдө.

Бул иш-чаранын аскер адистери үчүн өтө зарылдыгын өлкөнүн улуттук кызыл жарым ай коомунун жетекчиси Искендербек Осмонов да ырастады.

Бишкекте өтүп жаткан эл аралык гуманитардык укукту окутуу боюнча кеңешме, тажрыйба алмашуу бүгүн 20- декабрда жыйынтыкталат.