ЮЛИЯ ТИМОШЕНКО КАЙРАДАН УКРАИН ПРЕМЬЕРИ

Украин парламенти саргылт ыңкылаптын лидерлеринин бири Юлия Тимошенкону кайрадан премьер-министр кылып бекитти. Бир гана добуш артыкчылык, же 450 орундуу украин парламентинде 226 добуш менен шайланган Тимошенко бул ирет өкмөттү натыйжалуу башкара алабы? Мурдагы премьер Виктор Янукович Украина дагы бир ирет оор сыноого туш болду деп жарыялап, анын кыймылы оппозицияга өтүп, парламенттеги добуш берүүгө катышкан жок.
Тимошенко ошентип, 450 орундуу парламентте өзүнүн блогуна кирген саясатчылар менен президент Виктор Юшенконун “Биздин Украина” кыймылынын мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болуп, депутаттардын туура жарымынан бир добуш ашыгыраак алып, 2-ирет өкмөт башкарууга аттанды. Өткөн аптада эки жолу автоматтык система аркылуу добуш берип, экөөндө тең бир добуш жетпей калгандан кийин саргылт ыңкылапчылар эми ар бир депутат кол көтөрүп добуш берсин деп талап кылып, Тимошенкону премьерликке өткөрүү жараяны 1 сааттан ашык убакыт алды.


Коалиция мүчөлөрү курчап алып баары кыдырата куттуктагандан кийин толкундана түшкөн Юлия Тимошенко трибунага чыгып алып буларды айтты.


- Менимче, бүгүнкү добуш берүү биздин өлкөдө тымызын саясий аракеттер жок экенин далили.

Тимошенко андан сырткары президент Юшенконун кыймылы менен чогуу түзүлгөн коалициялык өкмөт эл кызыкчылыгында натыйжалуу иш алып барат деп ишендирди. Коалициянын парламенттеги колдоочулары башында айтылгандай депутаттардын жарымынан бир гана добушка артык, ага кошумча Тимошенко менен Юшенконун саясий дымагы тиреше кетип, алгачкы жолу Юлия өкмөт башчылык кызматта 6 айдан ашыгыраак гана иштеген.

Киевдик эксперт Иван Лозовый президент Юшенко Тимошенкону премьерликке көрсөткөнү менен, ага ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүнө ишене бербесин айтат.

- Тимошенкону мурдагы эле сыноо күтүп турат. Юшенко жана анын командасы ага чын дилинен колдоо көрсөтпөйт, дегеле аны колдоо деп атоого болор-болбосу да күмөндүү. Ошон үчүн ал кыйналып отуруп шайланды. Эми ага парламент аркылуу кандай болбосун документ өткөрүү андан да кыйын болот.

Байкоочулар Украинада 2010-жылы президенттик шайлоо өтөөрүн, аны утурлай президенттик тактыга көз арткан Тимошенко менен Юшенконун ортосунда тирешүү күч алаарын боолгошот.

Сентябрдагы шайлоодо баарынан көп добуш алган Региондор партиясынын лидери, экс-премьер Виктор Янукович парламент жыйынын таштап чыгып кетээр алдында бул күнкү чечим өлкөдөгү саясий абалды оорлотот деп эскертти.

- Мен бүгүнкү окуя саясий бейстабилдүүлүктү жана коомдогу жиктелүүнү тереңдетет деп ишенем. Дагы бир жолу биз өлкөбүз жаны сыноолорго, кризистик мезгилге, саясий инстригаларга, талаштарга туш болгонун көрүп отурабыз.

Юлия Тимошенко – Украинада эң талаш-тартыштуу саясатчы аталат. Ал 1990-жылдары газ тармагында ийгиликтүү бизнес баштап, 2001-жылга дейре 2 жылдай вице-премьер болуп иштеген. Ага удаа Тимошенкого коррупцияга байланыштуу кине тагылып, ал эки айдай түрмөгө отуруп чыккан, кийин Украинанын Башкы прокуратурасы ага каршы кылмыш ишти жапкан. Эмнеси болсо да, байкоочулар Украинада эми президент, парламент спикери жана премьер-министр үчөө бирдей саргылт ыңкылаптын уюштуруучулары экенин белгилешет.