МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕРЛЕР, САЯСАТЧЫЛАР КАЙДА, КАНТИП ДОБУШ БЕРИШТИ?

Бүгүн эртең менен башталган парламенттик кезексиз шайлоого мамлекеттик ишмерлер, талапкер саясий партиялардын лидерлери чоң шашкеге чейин добуштарын дээрлик берип бүтүштү. Алардын ичинен президент Курманбек Бакиев баштаган шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, ал эми Өмүрбек Текебаев Жалалабаддагы Акман шайлоо түйүнүндө добуш беришти. Топчубек Тургуналиев добуш берүүгө шайлоо түйүнү ачыла электе келди.
Президент Курманбек Бакиев жубайы Татьяна менен бирге Бишкектин Исанов көчөсүндө жайгашкан №1157 шайлоо түйүнүндө добуш берди. Журналисттерге билдиргенине караганда, Бакиев жарышка түшкөн 12 партиянын ичинен өзү иштерман деп санаган партияга добуш берди:

- Иштермандардын партиясына, жоопкерчиликти алып, алдыга койгон максатына жетүүнүн жолун билген партияга добуш бердим.

Президент 16-декабрды тарыхый күн катары белгилеп, шайлоонун таза өтөрүнө ишенимин «Шайлоо таза жана ачык өтөт. Мен буга толук ишенем» деп билдирди.

Партиялык лидер Азимбек Бекназаров айдоочунун күбөлүгү менен шайлоого барып, добуш берүү түйүнүндө иштеп жаткандарды сынап көрдү. Президенттен айырмаланып, Бекназаров шайлоонун акыйкат өтөрүнө дегеле ишенген жери жок:

- Таза өтпөйт. Анткени, бардык мамлекеттик машина мыйзам бузуп, эмне кылса да, бир партияны өткөрүш керек. Азыр деле добуш берүүнүн жыйынтыгы протоколго негизделбейт. Өздөрү каалаган чечимди чыгарышат.

Анткен менен, президент келерки парламент мурдагылардан өзгөчө болот деген ишенимде турат:

- Шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, жаңы парламент башкача парламент болот. Бул парламентке жаңы күчтөр, жаңы адамдар, аялдар, жаштар, башка улуттардын өкүлдөрү келишет.

Президенттен бир аз айырмаланып, экс-мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров келерки парламент бир партиялуу болушу ыктымал деген божомолун журналисттерден жашырган жок:

- Жашырбай эле коеюн, кээ бир учурда бир партиялуу болуп калабы (парламент – авт.) деген ичте божомолдор да бар. Себеби, эбегейсиз чоң колдоого ээ болуп келе жатабыз.

Партиялык лидер Топчубек Тургуналиев добуш берүүгө шайлоо түйүнү ачыла электе келгендиги менен айырмаланды. Бишкекте жашап-иштеген таасирдүү саясатчылардын ичинен өзүнүн кичи мекенине барып добуш берген экс-спикер Өмүрбек Текебаев болду. Добуш бергенден кийин саясатчынын «Азаттыктын» кабарчысына билдиргенине караганда бул шайлоодо мыйзам эле эмес, ыйман да бузулуп атат:

- Мен эле эмес жөнөкөй шайлоочулар дагы айтып атышат – бул шайлоо башынан баштап одоно мыйзам бузуулар, мыйзам эле эмес, ыйман принциптери, жигитчилик, намыс деген нерселер тебеленип-тепселип атат.

Социал-демократтар партиясынын лидери, экс-премьер министр Алмазбек Атамбаев саясий оюндар көп болуп жатканына өкүндү:

- Оюндар азыраак болсо дейм. Тилекке каршы оюндар абдан көп болуп жатат.



Шайлоого талапкер катары катышып жаткандыгына байланыштуу Конституциялык Сот төрайымдыгын убактылуу токтоткон Чолпон Баекова шайлоо кандай аяктарына көзү ачыктык кылууну каалабады. Төмөнкүдөй билдирүүнү Баекова соттук териштирүүлөргө байланышкан суроого ылайык жасады:

- Ар бир шайлоодо боло турган нерсе. Менин көзүм ачык эмес да аны айткыдай.

Оппозициядагы саясатчы Темир Сариевдин пикиринде, шайлоонун жыйынтыгы шайлоонун мыйзамдуу же мыйзамсыз өткөндүгүнөн көз каранды:

- Эң башкысы - шайлоонунун жыйынтыгын шайлоого катышып жаткан саясий партиялар, эл кабыл алышы керек. Элдин маанайын биз билебиз. Биз сурамжылоолордо болдук, көрдүк. Эгерде мыйзам чегинде болсо эл дагы туура кабыл алат. Эгер, баягы референдумга окшоп, бир 20% эл келсе, аны 86, 82 деп жазып койсо, анда мунун жыйынтыгы оорураак болот.