ИРАК: ТЕРРОРЧУЛАР КОЛ САЛУУНУН ЖАҢЫ ЫКМАСЫНА ӨТТҮБҮ?

Багдаддын түндүгүндөгү кол салуулардын жаңы толкуну террорчу деп эсептелген “ал-Каида” уюму Иракта өз тактикасын өзгөрткөнүнөн кабар берет. “Ал-Каиданын” Анбар провинциясынан жана Багдаддан качкан козголоңчулары башка аймактарда секталар арасында диний араздашуу отун тутандыра баштады.
Ушул жылы америкалык аскерлер уюштурган бир катар операциялардын натыйжасында, Багдад жана Ирактын батышындагы Анбар провинциясында коопсуздук маселеси бир топ оңолду. Ошого карабастан Ирактын ар башка аймактарында этникалык калк арасында өз ара диний араздашуу отун тутандырган козголоңчулардын иш аракеттери күч алганы байкалууда.

Багдаддан 360 чакырым аралыкта орун алган Мосул шаары буга мисал. Анбар жана Багдадда кол салуулар азайганы менен, Мосулда зордук зомбулуктар тескерисинче көбөйдү. Маселен, Мосулда согушкерлер жана террорчулардын полициянын бекеттерине кол салуу фактысы бир топ катталууда. Жакында эле ислам жикчилери өз үйүндө сулуулук салонун ачкан аялды “ислам салтына каршы келген иш алып барууда” деген негиз менен өлтүрүп кеткен. Мосул шаардык полициясынын башчысы, генерал-майор Ватик ал-Хамдани террорчулар башка аймактардан качып келип, ар бир шаарда кол салуу уюштуруп жатканын айтат:

Багдад, Диала жана Анбарда коопсуздук иш-чараларын өткөргөндөн кийин айрым террорчулар чындыгында эле Мосул шаарынан качып кеткен болчу. Алар көпчүлүк санда эркин жүрө албайт. Жакында эле биз бир күндө 37 террорчуну камакка алдык. Алардын экөө “ал-Каида” уюмуна мүчө болгону аныкталды.

Анын аралыгында, Диала провинциясында кол салуулардын жаңы толкуну күч алды. Декабрдын башынан бери бул аймакта террорчулардын жардыруусунан 60 адам набыт болуп, токсон адам оор жараат алганы кабарланууда.

Козголоңчулардын интернет сайтында жарыяланган тасмада “ал-Каида” уюмунун Ирактагы бөлүмүнүн лидери Абу Омар ал-Багдади согушкерлерди өкмөт күчтөрүнө жана эл аралык аскерлерге каршы согушка үндөйт:

Аскер кийимин кийген жана биз менен күрөшкөндөргө жардыргыч заттарды колдонушубуз керек. Ар бир согушкер бир эле кол салууда бери дегенде үч бомба жардырууга үлгүрүшү зарыл.

Ирактын Коргонуу министрлигинин өкүлү Мухаммед ал-Аскари “ал-Каида” уюмунун согушкерлери өз алдынча топторду уюштуруп, башка аймактарга тарай баштады деген маалыматты төгүндөдү:

Террорчулар “биз барбыз. Силер бизди жок кыла албайсыңар” деп бизге далилдеп жатат. Алардын кол салууларына өзгөчө көңүл буруунун кажети жок. Менимче, алардын кол салуулары жакын арада токтойт. Анткени аларда күч деле калбай калды.

Серепчилердин баамында, “ал-Каида” уюмунун согушкерлери Диала жана Мосул шаарларында секталар арасында диний араздашуу отун жандырышы ыктымал. Себеби Багдаддын жана Анбар провинциясынын диний лидерлери аларга каршылык көрсөтө баштады. Ал эми АКШнын Ирактагы командачылыгынын башчысы Дэвид Петроус сентябрда Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө, америкалык аскерлер “ал-Каида” уюмунун суннит ислам жикчилерин Анбар провинциясында кысымга алганын айтты:

Өткөн алты айдан бери жергиликтүү тургундар “ал-Каида” жана башка экстремисттик уюмдардан оолак болууга аракеттенгени байкала баштады. Бул жагдай террорчулар менен күрөшүүдө кошумча жардам болду. Мындай көрүнүш өзгөчө Анбар провинциясында байкалат.