ОРУСИЯ: ТАЛАНТТУУ РЕЖИССЕР КОЙГОН ШАЙЛОО ОЮНУ

Орус президенти Владимир Путиндин өзүнүн мураскери катары премьер-министрдин биринчи орун басары Дмитрий Медведевди тандашын, байкоочулар “падыша уулдуу болду” деп сыпатташты. Путин 10-декабрда кийинки жылдын март айына белгиленген президенттик шайлоодо Медведевдин талапкерлигин колдой тургандыгын айтканда өлкөнүн саясий элитасы жаңы ханзааданы көккө көтөрүп жиберишти.
Владимир Путин 10-декабрда бийликчил төрт партиянын лидерлерин кабыл алып жатып, алардын Медведевди президенттикке талапкер катары көрсөтүү сунушу мурда макулдашылбагандай түр көрсөтүүгө аракет жасады. Путиндин бул кадамын айрым колдоочулары сынга алышты. Маселен, Санкт-Петербургдун губернатору Валентина Матвиенко “Бирдиктүү Орусия” партиясынын башка мүчөлөрүнүн пикири дагы эсепке алынып, сүйлөшүүлөр көшөгө артында эмес, партия курултайында өтсө болмок”,-деди.

Коммунисттик партиянын мүчөсү Иван Мелников болсо, “эгерде президенттикке талапкердин ысмы партия мүчөлөрү менен кеңешилбей туруп, саналуу гана адамдардын чөйрөсүндө талкууланса – анда бул кандай партия?”,-дейт.

Көшөгө артындагы мындай оюндар орто кылымды эске салат. Бирок бул Орусия тандап алган “демократиянын” өзгөчө түрү. “Ар бир партия бул саясий сценарийди түшүнөт, андыктан бир гана талапкерди колдоо менен алар бул оюнга катышып жатат”,-дейт “Акыйкатчыл Орусия” партиясынын мүчөсү Александр Бабкин. Ал эми премьер-министрдин биринчи орун басары, мураскер деп күтүлүп жүргөн Сергей Иванов Медведевдин талапкер болуп тандалышына түз карай турганын айтты:

Мен Дмитрий Анатольевич Медведевди акыркы сегиз жылдан бери жакшы тааныйм. Биз чогуу иштейбиз. Андыктан, Дмитрий Анатольевичтин кесиптик гана эмес, жеке сапаттарын дагы жакшы билем. Анын жогорку маданий деңгээлин дагы баса белгилегим келет. Мына ушул сапаттар ага мыкты президент болууга жардам берерине ишенем.

Төрт партия Медведевди талапкер катары көрсөткөнү менен, алардын бирөө дагы Путин бийлиги учурунда пайда болгон саясий системаны өзгөртө албайт. Серепчилердин баамында, президент мураскерди тандоодо анын эки сапатына көңүл бурган: Медведев Путин президенттиктен кеткен соң да өлкөнү башкара берүүсүнө макул болот жана кремлдик элита саналган “чекисттер” тобундагы тең салмактуулукту бузганга чамасы жетпейт.

Орусияда бир нече кылымдан бери “мураскер калтыруу” жолойу сакталып келет. Мунун айынан бир нече муундар бою падышалар жана балдары ортосунда араздашуулар, бүтпөгөн кутумдар болуп келген. Путинди үчүнчү мөөнөткө калтырууга жана “улут лидери” даражасына чыгарууга президенттин айланасындагылар бир нече жолу аракет жасаган. Маселен, президент кеңсесинин башчысы, өтө таасирлүү Игорь Сечин, Ростехнология компаниясынын жетекчиси Сергей Чемезов, ФБРдын директору Николай Петрушев жана Маң зат менен күрөшүү боюнча федералдык кызматтын башчысы Виктор Черкезов Путинди үчүнчү мөөнөткө калтырууга аракет кылып, амалдары ишке ашпады.

Ошол эле учурда мурда Путинге баш ийип, айтканын эки кылбаган чиновниктер, эми Медведев президент болсо, анын айланасына чогулары анык. Путин болсо саясий аренадан кетпей турганын буга чейин дагы айтып келген эле. Президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөндөн кийин Медведев сыналгы аркылуу кайрылып, эгер президент болуп шайланса, Путинди өкмөт башчы болууга макулдук берүүгө чакырды:

Президенттик шайлоого талапкерлигимди көрсөтүүгө даярдыгымды билдирүү менен мен Владимир Путинге президенттик шайлоодон кийин орус өкмөтүн жетектөөгө макул болуусун сурайм.

Байкоочулардын баамында, мындай жол менен Владимир Путин үчүнчү мөөнөткө калууга аракет жасап жатат. Маселен, эгерде Медведев президент болуп шайлангандан кийин кызматынан кетсе, Путин автоматтык түрдө анын милдетин аткаруучу болуп калат. "Путин Медведевди бир нече убакыт байкайт. Эгерде Медведев өзүнө берилген ролду жакшы ойной албаса, анда Путин кайтып келет”,-дейт аналитик Дмитрий Бадовский. Бирок бир четинен алганда, Медведев-Путин тандеми сыяктуу көрүнүштөр орус тарыхында эзелтен белгилүү.

Ошентип, Орусиядагы саясий кырдаал жаңы сценарий менен өнүгө баштады. Серепчилердин баамында, таланттуу режиссер койгон бул драма жакын арада аяктайт деп айтууга эч болбойт.