Бул тууралуу Биримдиктин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана Брюсселде тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин билдирди. Евробиримдик, Орусия жана АКШлык ортомчулар 10-декабрга чейин белгиленген 4 ай ичинде Сербия менен косоволук албандар ортосунда Косовонун болочок статусу тууралуу мунаса таптыра алган жок. Косово көз карандысыздыкты талап кылып, Сербия андан баш тартууда.