Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов шайлоо алдында өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болот деп убада кылган эле. Бирок түркмөн эли ал өзгөрүүлөрдү азырынча байкай элек. Бүгүн өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруучу бутагы болгон Элдик кеңешке (Халк Маслахатына) шайлоо өтүп жатат жана Түркмөнстандын карапайым калкы бул шайлоо жаңы өзгөрүүлөрдүн башаты болоруна үмүт артууда.
Халк Маслахаты өлкөнүн мурдагы президенти Сапармурад Ниязов тарабынан негизделген уникалдуу орган. 2004-жылы Түркмөнбашы өлкөнүн саясий системасы дүйнөдөгү эч бир башка өлкөнүкүнө окшобошу керек деп айткан болчу:
Халк Маслахаты башка өлкөлөрдүн парламентине окшошпойт. Баш мыйзамга ылайык, Халк Маслахаты башкы мыйзам чыгаруучу орган. Парламент Халк Маслахаты үчүн мыйзам жазат, бул парламент депутаттарынын иши.
2003-жылдын соңунда Ниязовдун буйругу менен өлкөнүн парламенти болгон Мажилистин ыйгарым укуктары 50 пайызга азайган жана Халк Маслахаты парламентти таратып жиберүү укугуна ээ болчу. Бирок 2500 мүчөсү бар Элдик кеңеш менен Мажилис бирдиктүү иштеп кете алган жана Ниязовдун ар бир кадамын колдоп турган.
1999-жылы Элдик кеңеш Сапармурад Ниязовду түбөлүктүү президент кылып шайлаган. Элдик кеңеш жылына бир жолу чогулат, бирок ага орчундуу маселе пайда болгондо чукул чогулуп туруу укугу берилген.
Маселен, Элдик кеңеш 2002-жылы декабрда Ниязовго кол салууга аракет жасаган деп айыпталгандарды өлүм жазасына тартуу үчүн чогулуп, буга байланыштуу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген болчу. Ошол эле жылы Кеңеш айлардын жана апта күндөрүнүн аталыштарын расмий өзгөртүү үчүн чогулган. Мисалга, апрель айы Ниязовдун апасынын ысмы менен Горбансолтан деп аталса, январь Түркмөнбашы, сентябрь Рухнама деп аталып калган. Сапармурад Ниязов жазган “Рухнама” китеби мектептерде милдеттүү түрдө окутулган.
Ниязов Халк Маслахатынын жергиликтүү бөлүмдөрүн ар бир облуста негиздөөгө буйруган:
– Элдик кеңеш ар бир облуста жана райондо болушу керек. Эгерде кандайдыр бир кырсык болуп кетсе, Халк Маслахатынын бардык бөлүмдөрү чогулуп, улуттук деңгээлдеги Элдик кеңеш түзүлүшү керек.
Бүгүн (9-декабрда) түркмөн шайлоочулары Элдик кеңештин айрым мүчөлөрүн шайлайт, ал эми Ашхабаддын жана өлкөнүн беш облусунун Кеңеш мүчөлөрү президент тарабынан дайындалат. Жергиликтүү басма сөз каражаттарынын маалыматына ылайык, талапкерлердин бардыгы өлкөдөгү жалгыз Түркмөнстандын Демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн.
Өлкөнүн сыналгы, үналгы жана гезиттери бүгүнкү күнгө белгиленген шайлоо тууралуу кабарлап жатат. “Бирок мен талапкерлердин бирөөөсү тууралуу дагы билбейм, алардын шайлоо программасы менен таанышкан дагы жокмун”,-дейт 70-жаштагы пенсионер Тежен ага. Анын айтымында, он кишиден турган үйбүлөгө болгону бир гана шайлоого чакыруу барагы келген. “Азаттык” үналгысына маек куруп берген айрым Ашхабаддын тургундары “Шайлоого баруунун кажети жок, себеби Халк Маслахатынын мүчөлөрү баары бир карапайым калк үчүн эч нерсе жасабайт”,-деп айтышкан.
34-жаштагы курулуш инженери Азгелди Хоммадов “Элдик кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдар тууралуу кабарым жок”,-дейт:
– Мисалы, мен өлкөнүн айыл-чарба тармагына байланыштуу Элдик кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдар тууралуу эч нерсе уккан эмесмин. Мындан сырткары, Халк Маслахаты өлкөнүн бардык аймагында коррупция менен кантип күрөшүп жатканы тууралуу кабарым жок. Шайлоочулары менен жолугушуу учурунда талапкерлер бул маселени козгоодон качышат.
Деген менен шайлоочулардын арасында президент Гурбангулы Бердимухаммедов бир катар реформаларды ишке ашырып, карапайым калктын жашоо-шартын өзгөртө алат деп ишенгендер дагы аз эмес. 80-жаштагы Рахим Эсенов Сапармурад Ниязовдун режими менен күрөшүп келген белгилүү жазуучу. Эсенов өлкөдөгү кырдаал орус диктатору Иосиф Сталинден кийин бийликке келген Никита Хрущевдун мезгилин эске саларын, шайлоо кампаниялары учурунда аз да болсо өзгөрүүлөр байкалып жатканын айтат:
– Менин үйүмдүн жанында маалымат жазылган чоң тактай орнотулган. Анда талапкерлердин сүрөттөрү, өмүр баяны түркмөн жана орус тилдеринде жазылган. Чынын айтсам, бул мени абдан кубандырды. Буга чейин мындай болгон эмес. Таң калганымды ушундан билгиле – мен муну көргөндө ордуман жылбай туруп калдым. Жанымда өтүп бараткандар дагы токтой калып, ошол кабарларды окуп жатышты. Албетте бул аздык кылат, бирок бул жаңы өзгөрүүлөрдүн белгиси. Муну көптөр сезе баштады. Бүгүнкү күндө “Шайлоодо ким жеңет?” деген суроо эмес, “Халк Маслахатынын мүчөлөрү коомдогу өгөрүүлөрдү колдойбу же токтотуп коебу?” деген суроо курч турат.