Кыргызстанда бүгүндөн тарта парламенттик шайлоого үгүт иштери башталды. 16-декабрда өтө турган парламенттик шайлоого жалпысынан 12 партия ат салышмай болду. Декабрь ичи шайлоолор бир эле Кыргызстанда эмес, коңшулаш Өзбекстанда жана Орусияда өтөт. Өзбекстандыктар президентин тандашса, Орусия менен Кыргызстанда парламентке шайлоо алгачкы ирет партиялык тизме менен жүрмөкчү. Орусияда үгүт иштери оппозициянын массалык митингдери, милициянын кийлигишүүсү, оппозиция лидерлерин камоолор менен коштолуп жатат. Саясий аналитиктер эки өлкөдөгү шайлоо өнөктүгү тууралуу кандай ойдо?
Орусиядагы шайлоого бир жума калганда оппозициянын митингдери өлкөнүн эки негизги шаарларында – Москвада жана Санкт-Петербургда – күч менен таркатылды, лидерлери жана ондогон активисттери камакка алынды.
“Макул эместер маршы” деген аталышта бир топ шаарларда өткөн митингдерде анын катышуучулары акциянын тынч максатты көздөй тургандыгын көрсөтүш үчүн ак түстөгү гүлдөрдү кармап алышкан эле. Бирок ортодо капыстан эле ишмердүүлүгүнө тыйуу салынган Улуттук Большевисттик партиясынын желегин көтөрүп чыга калып, кимдир бирөө айланадагыларды ур-токмокко алып, кыйкырык-өкүрүктөрдү чыгарган таризде чагымчылык кыла баштаганда милиция кийлигишкени айтылат.
Санкт-Петербургдагы окуяда орусиялык оңчулдардын СПС партиясынын лидерлери Никита Белых менен Борис Немцов да камакка алынышты. Кийинчерээк алар бошотулганы кабарланды. Бирок бир күн мурун Москвадагы митинг учурунда кармалган дагы бир оппозициялык лидер Гарри Каспаров беш күнгө түрмөгө кесилди.
Шахмат боюнча дүйнөлүк чемпион жана “Бириккен Элдик Фронттун” лидери Г.Каспаров Орусияны Путинден бошотуш керек деп кыйкырып жаткан эки миңдей адамдын башында турган.
- Бүгүнкү режимдин узагыраак мөөнөткө калышы Орусия үчүн чоң коркунуч, ошондуктан биздин негизги максат – коррупцияланган, кылмышкер, жалганчы бул режимди жок кылуу. Анткени ал бүгүн биздин мамлекетте кеңири талкууланышы керек болуп жаткан проблемаларды чечүү бери турсун, так аныктап да бере албайт.
Москвада жана Санкт-Петербургда өткөн митингдер Гарри Каспаровдун жетекчилигиндеги “Башка Орусия” коалициясы тарабынан уюштурулду. Жумурияттын Борбордук Шайлоо Комиссиясы аталган коалициянын талапкерлерин 2-декабрдагы шайлоого катышуудан четтетип койду.
Мындан сырткары, ишембиде Ингушетияда адамдардын белгисиз жоголуп жатышы, күч структураларынын зордук-зомбулугуна жана экономикалык жокчулукка каршы нааразылык акциясы да милиция тарабынан күч менен таркатылды. Кабарларга караганда, ага катышкандардын арасында 100 жакын киши камакка алынган.
Ошентип, шайлоо алдында Орусияда бир топ жаңжалдуу окуялар болуп кетти. Аларга карата расмий Кремль олуттуу мамиле кылуунун кажети жок экенин, анткени коомчулуктун колдоосуна ээ боло албаган оппозиция Батыштын көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн гана далалат жасап жатканын билдирди.
Баш-кеңсеси Москвада жайгашкан КМШ институтунун Борбор Азия боюнча аналитиги Андрей Грозин болсо бул билдирүүнү алдыдагы шайлоодо көпчүлүк добуш менен жеңиши мүмкүн деп күтүлүп жаткан “Бирдиктүү Орусия” партиясынын атынан айтылгандай жооп катары көрөт. Баса, бул партиянын тизмесин шайлоодо азыркы президент Владимир Путин жетектемей болду. “Путиндин азыркы өтө бийик рейтингин эске алганда, партия шайлоодо жеңээринен эч ким деле күмөн санабайт”, - дейт биздин суроолорго жооп берген аналитик А.Грозин.
- “Бирдиктүү Орусия”, жок эле дегенде, акыркы эки жумадан берки шайлоо өнөктүгүн бир эле негизги тема менен, башкача айтканда, Путиндин аты менен эле байланыштырып жүргүзүүдө. Партиянын президенттен башка бир да дурус идеясы, кайсыл гана тармак болбосун, жеке өзүнүн сунуштай турган планы жок. Кыскасын айтканда, “Бирдиктүү Орусия” Путиндин артына жамынып алып, азыр Москваны “Путиндин планы – Орусиянын өнүгүшүнүн планы”, “Москва Путинди тандайт” деген өңдүү жарнактарга толтуруп салды. Андан башка эс нерсеси жок.
Орусиянын артынан эле Кыргызстанда да алгачкы ирет өлкө тарыхында 90 орундуу парламентке шайлоо партиялык тизме менен өтмөкчү. Дүйшөмбүдөн тарта башталган үгүт иштери кандай өтөөрү тууралуу пикирлер ар башка. Грозин мырзанын оюнда, Орусиядагы соңку күндөрдөгү окуялар Кыргызстанда да кайталанышы ажеп эмес.
- Кыргызстан Борбор Азиядагы эң демократиялуу мамлекет болгонуна, анын жарандык коому жетишкен ийгиликтерге карабай, баары бир өлкөдө парламенттик шайлоо алдында бийлик катуу күч колдонуу азгырыгына туруштук бере албай калышы мүмкүн. Азыр көпчүлүк эле “Ак-Жол” партиясы парламентте монополистке айланат деп жатпайбы! Эгерде “Ата-Мекен” ушул ойду чын эле четке кага тургандай күчкө ээ болуп калса, анда бийликтин басым жасоого азгырыгы андан бетер күчөйт, - дейт орусиялык аналитик Андрей Грозин.
Анын ишениминде, алдыдагы шайлоодо негизинен дал ушул эки партия беттешет жана алардын шайлоо өнөктүгү учурундагы күрөш толтура мыйзам бузуулар менен коштолушу мүмкүн.