ОШТУК САЯСАТЧЫ КЫРГЫЗДАРГА КЫРГЫН САЛГАНЫ ҮЧҮН ОРУСИЯДАН КУН ТАЛАП КЫЛУУДА

Алишер Токсонбаев Ош Кыргыз улутчул социал-патриоттор кыймылынын лидери Төлөн Дыйканбаев 15-ноябрда Орусиянын Оштогу консулунун астында нааразычылык акциясын өткөрмөк. Элчиликти карай баратканда Дыйканбаевди жарандык формачан жигиттер машинага салып кетип, шаардык ички иштер башкармалыгында кармап, 9-бөлүмдө сурак кылышкан.
Нааразылык акциясына чыккан Төлөн Дыйканбаев Орусиянын колониалдык саясатын айыптап, 1916-жылы кыргыздарды кыргынга учураткан окуяга тарыхый баа берүү, геноцидден курман болгондордун жана аргасыздан тентигендердин ар кимисинин укум-тукумуна Путиндин Өкмөтү 200 евродон кун төлөө керек деген талабын коймокчу болгон.

- Оруссия Федерациясынан империясынын мураскору катары ар бир үчүн 200 евродон кун төлөп берүүсүн талап кыламын,- деген болчу Төлөн Дыйканбаев кармалардын астында "Азаттыкка" берген маегинде.

Белгилүү коомдук-саясий ишмер Салима Шарипова улутчул социал-патриоттордун мындай жоругун ашкан акылсыздык катары баалап, Орусиянын кыргыздарга жамандыгынан жакшылыгы көп деп эсептейт.

- Бул өтө оор нерсе. Биз барып көрүп келдик ошол жерди. Тынч уктай албайсың. Бирок, бул биздин тарыхтын эң кара чоң барагы. Биз жаштарыбызды орустарга же башка улуттарга каршы тарбиялабастан аны тарых катары эске алып куран түшүрүп турсак жакшы болот эле,- дейт Салима Шарипова.

Өзүн тааныштыруудан тайсалдаган милиция кызматкери Кыргыз улутчул социал-патриоттор кыймылынын лидерин жөн эле текшерип жатышкандыгын, документтери жайында экендигин, эми коё беришээрин «Азаттыкка» билдирди.

Эске сала кетчү жагдай Төлөн Дыйканбаев 1990-жылы түптөлгөн Кыргыз демократиялык кыймылынын (азыркы КДК партиясы) теңтөрагасы болгон. Кийин жеке ишкерликке ооп, акыркы мезгилде Кыргыз улутчул социал-патриоттор уюмун негиздеп, аны жетектеп келет.