08:41 Саясий партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин тактоону бүгүн да улантат

Бул максатта бүгүн экс-депутат Тайырбек Сарпашев баштаган «Туран», экс-спикер Абдыганы Эркебаев баштаган «Таза коом», Турсунбай Бакир уулу баштаган «ЭрК» саясий партиялары курултай өткөргөнү жатышат. Кечээ «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы курултай өткөрүп, тизменин башына март ыңкылабынын күжүрмөн катышуучусу, дарыгер Жеңишбек Назаралиевди чыгарды. Экинчи болуп партия лидери Азимбек Бекназаров, бешинчи болуп «Кайран Эл» партиясынын негиздөөчүсү Дооронбек Садырбаев катталды. (BuS)