Бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлеринин биринчи жыйыны өтүп, андан кийин Эднан Карабаев менен Марат Тажин жолугушту. Анда саясий, экономикалык жана маданий гуманитардык тармактарда 2006-2007-жылдары жетишилген келишимдерди ишке ашырууда келип чыккан маселелер талкууланды. Казак тышкы иштер министри Марат Тажин эртең президент К. Бакиев, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев менен жолукмакчы. (EBM)