09:35 КМШ өлкөлөрүнүн жаш лидерлери бүгүн Бишкекте жыйын курушат

Жыйында жаштардын коомдук-саясий жараяндарга катышуусу талкууга алынып, Казакстан, Беларус өлкөлөрүнөн келген жаш депутаттар өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Бул тууралуу жаштар иштери боюнча департаментинин жетекчиси Айдар Жоробеков билдирди. Иш-чара өлкөдө белгиленчү 10-ноябрь – жаштар күнүнө карата уюштурулуп жатат.(EKa)