Улуттук телерадио корпорациясынын Байкоочу Кеңеши бир катар мүчөлөрү милдетин аткаруудан баш тарткан үчүн иштебей турат. Байкоочулар Кеңешинин иши токтоп калганы жогорку бийликтин тымызын буйругу менен жасалган иш деген сөздөр айтыла калып жатат. Бул маселе боюнча “Азаттык” менен таңкы уктурууларда УТРКнын мурдагы башкы деректири Кыяз Молдокасымов ой-бөлүштү.
- Байкоочулар Кеңешинин ишке кирбей турушу саясатбы?
- Байкоочулар Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү арыз жазды деп айтышты. Арыз жаздырганга мажбур кылды окшойт айрымдар. Мындай нерселер көп боло берет. Эң негизгиси, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болсо бул жалгыз кишинин кызмат ордуна татыбай деле калат. Бул мамлекеттин кызыкчылыгы болсо керек деп ойлоп атам.
- Шайлоодон кийин саясий кырдаал өзгөрүп кетсе коомдук телекөрсөтүүнү түзүү идеясы ошону менен өзүнүн кызыкчылыгын жоготуп жибербейби?
- Жок, коомдук телевидение жөнүндөгү маселе кызыкчылыгын жоготпойт. Ал сөзсүз түрдө Кыргызстанга керек. Анткени, Байкоочулар Кеңеши азыр дагы эле чогулуп атат. Жаңы парламент келээри менен калган мүчөлөр толукталып, өз ишин толук кандуу жүргүзөт. Анткени, Байкоочулар Кеңеши толукталгычакты башкы директордун милдети аткарылып турсун деп жарлык чыккан. Ошондуктан Байкоочулар Кеңеши толукталат деп ойлойм.
- Кыяс мырза, сиздин Улуттук телерадио компаниядагы иштериңизге токтолсок. 2 жылдын ичинде УТРК техникалык жактан жабдылып, структуралык өзгөрүүлөргө, же реформага даяр болуп калган эле деген сөздөр айтылууда. Муну сиздин ордуңузга келген Мелис мырза да ачык айтты. Сиз эмнелерди өзгөртүүгө, же жасоого үлгүрбөй калдыңыз акыркы кезде?
- Биз биринчи журналисттердин шарттарын жакшылап, андан кийин алдыга өнүгүүнү пландаштырганбыз. Эки жылдын ичинде 100дөн ашык журналисттерди окутуп, техникалык базасын чын эле жакшыртып алдык. Эми структуралык өзгөрүүнү киргизип, реформалоо концепциясын кайрадан карап чыгып, бекитип, чыныгы эл аралык стандартка ылайыктуу кылып өзгөртсөкпү деп ойлогонбуз. Эл аралык эксперттер тарабынан атайын иликтөөдөн өтүп аткан биздин иштеп чыккан концепциябыз, программабыз бар эле. Мына ошондой чоң өзгөрүүнүн алдында турганбыз. Бул, албетте, Байкоочулар Кеңешине да сунуш кылынып, алар менен биргеликте ал иш алдыга жылмак.
- Демек, УТРКнын төрагасы кызматына шайлоого катышууга укугуңуз бар экен да?
- Жетекчилик кызматтарда иштеген ким болбосун катышууга укугу бар деген мыйзамда жазылган. Ошондуктан, мамлекеттик телерадио корпорациясын андан ары коомдук кылып өзгөртүү боюнча өзүбүздүн программалык концепциябызды сунуш кылып, ошону ишке ашырунун ар кандай жолдорун караштырабыз.
- Кызматтан алынуу темасына кайрадан келсек. Сиз иштен алынышыңызды саясат дедиңиз. Бул парламенттик өнөктүн алдында мамлекеттик телеканалга опозициянын мурунку өкүлүн отургузуп, оппозицияны оппозициянын колу менен ооздуктоо саясатыбы, же Акүйдөгү топтук күрөштөрдүн натыйжасында кайсы бир топтун экинчи бир топтун үстүнөн жеңишке жетишип жатканыбы?
- Эксперттер ошондой баалап атышат. Бирок мен жогоруда айткандай, бул жерде мамлекеттик кызыкчылык үчүн бүгүнкү күндө премьер-министрлик кызмат, башка көптөгөн чоң кызматтардын бардыгы ушундай чечилип аткандан кийин, мен мурунку мамлекеттик кызматта иштеген кызматкер катары этиканы сактап, муну мамлекеттик кызыкчылыктан эле көрөм. Ал эми мындан аркы иштин жүрүшү боюнча жаңы барган жетекчиликке ар дайым каалоо тилектерди гана айтып келем.
- Сизге кайсы бир башка кызмат сунушталдыбы?
- Айрым бир кызмат орундар сунушталган, бирок мен эки жылдан бери эс алууда боло элекмин. Ошон үчүн бүгүн илимий иштеримди алдыга жылдырсамбы деп 1-2 айлык отпускамды пайдаланып атам.
Маектешкен Айданбек Акмат уулу