УУЛАНГАН ДЕМОКРАТИЯ

Грузиядагы кырдаал дүйнөлүк коомчулукту камтама кылууда. АКШ жана Евросоюз грузин бийликтерин жана оппозицияны токтоолукка чакырып, зобун-зомбулукка тукурган кадамдардан сактандырды. Human Rights Watch уюму демонстранттарга желим ок, жаш агызма газ колдонгону үчүн бийликтерди айыптады. Президент Саакашвили өлкөнүн бүткүл аймагында он беш күнгө чукул абал жарыялады.
Грузияда митингдерге тыюу салынды, оппозициядагы саясатчылардын жоон тобу кармалды, көптөгөн маалымат каражаттарынын иши токтотулду. Кечээ “Имеди” телеканалын атайын күчтөрдүн отряды басып алды, журналисттер токмоктолуп, камакка алынды. Анын соңунан “Кавкасиа” телеканалы жабылды. Азыр бир гана жымсал реформаланып, коомдук статуска которулган мамлекеттик телеканал иштеп жатат. Анын программаларында полиция демонстранттарды кантип кууп таркатканы, оппозиция лидерлери менен орус элчилигиндеги кызматкерлердин телефондо сүйлөшкөн сөздөрү тууралуу кадрлар жүйүр кайталанып көрсөтүлүүдө. Мунун баары “Грузияга кас өлкөнүн өкүлдөрү менен байланышып”, оппозиция лидерлери “өз мекенине чыккынчылык кылган” маанисинде баяндалууда.

Тбилисидеги кечээки кара кагылыштарда 500дөн ашуун киши жабыркады. Полиция менен атайын күчтөр демонстранттарды сууатмалар,желим октор менен атып, жаш агызма газ колдонуп, резина союлдар менен сабап, бүт шаар бою сая түшүп кубалап жүрүп таркатышты. Бийликтер бу ыкмаларды “демократиялык нормаларга ылайык келген иш” катары аташты. Өлкөнүн премьер-министри Зураб Ногиадели оппозиция мамлекеттик төңкөрүш уюштурганга аракет жасады,ошо себептен президент өлкөдө чукул абал жарыялады деп ырастады. Анын жарлыгын бүгүн парламент тастыкташы керек. Башкаруучу фракциянын өкүлдөрү оппозиция менен консультацияларды өткөргөнү жатышат. Эгер кырдаал эки-үч күн ичинде өз жайына келсе,анда жарлыкты парламентте бекитүүнүн зарылдыгы болбой турганын вице-спикер Михаил Мачавариани билдирди.

Грузиядагы кырдаал Европа кеңешинин төрагасы Терри Дэвисти өзгөчө камтамага салды. Ал атайын таркаткан билдирүүсүндө “демонстрация өткөрүү эркиндиги адам укуктары боюнча Европа конвенциясында кепилденгенин” эске салып,эки тарапты тең жаңы аракеттерге тукурган кадамдардан сак болууга чакырды. ”Грузиянын бардык проблемалары саясий тынч сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынууга тийиш, биз ушуга үмөттөнөбүз”,- деп билдирди АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак.

Москвада орус думасынын спикери Борис Грызлов Тбилисидеги кечээки окуяларды “кан төгүүнүн башталышы” кыяпта сыпаттады. Оппозицияны бийликке көкүттү деп россиялык атайын күчтөрдү айыптаган президент Саакашвилинин сөзүнө байланыштуу ал орус тарабын тигил же бул иштер үчүн күнөөлөгөн грузин жетекчилеринин саясаты көптөн бери уланып келатканын айтып,мунун баары АКШнын атайын күчтөрүнүн көрсөтмөсү менен жасалып жатат деп билдирди.

Human Rights Watch демонстранттарга каршы желим ок колдонулганын грузин жетекчилери өз бийлигин ашкере кыянат пайдаланганын көрсөткөн факты деп атады. Айрым басылмалар болсо 2003-жылы күздө Тбилисинин дал ушул аянттарында роза ыңкылабынын демонстрациялары болгонун эске салып, президент Саакашвили өзүн бийликке алып келген ошо демократияны кечээ газ менен ууктуруп салганын жазып чыгышты. Ассошейтед пресс Саакашвилинин өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп иштеп, кийин оппозицияга өткөн Саломей Зурабишвилинин Грузиянын бардык досторуна, анын ичинде АКШга кайрылып, “демократия деген эмне экенин азыркы өкмөткө көрсөтүп берүүгө” чакырган сөздөрүн келтирди.