7-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Россия Тыш иштер министрдиги 1852-жылдын 7-ноябрында кыргыздар менен улуу жүз казактарды ынтымакка чакырган көрсөтмө кабыл алган. Мындан туура 102 жыл мурун кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Аалы Токомбаев жарык дүйнөгө келген.
Кыргыздар менен казак урууларынын ортосундагы жер талаш жана бош калган жайытты ээлеп алуу аракети эки тарап тарабынан тең мезгил-мезгили менен кайталанып турган. Кененсары баштаган казак колунун кыргыздардан жеңилиши аймактагы саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө алып келди. Улуу жүз казактар Чүй суусунан ыраак качып, Или өрөөнүн бош калтырышкан. Учурдан пайдаланган Ормон хан 1852-жылдын феввраль айында Или өрөөнүнө көчүп келген. Ормон хандын Илини ээлеп алышы кыргыздар менен казактар ортосундагы жер талашты ырбатат деп чочулаган Россия Тышкы иштер министрлиги 1852-жылдын 7-ноябрында Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго кыргыздар менен улуу жүз казактарды ынтымакка чакыра турган көрсөтмө берген.

1924-жылдын 7-ноябрында биринчи жолу кыргыз тилиндеги «Эркин-Тоо» гезити жарык көргөн. Кийин 1927-жылдын 29-августунда анын аталышы «Кызыл Кыргызстан» болуп өзгөртүлгөн.

1926-жылдын 7-ноябрында «Ленинчил жаш» аталган биринчи кыргыз жаштарынын гезити жарык көрдү.

1926-жылдын 7-ноябрында саясий агартуу жана адабий багыттагы «Коммунист» журналы жарыкка чыкты. Журнал кыргыз тилинде чыгарылып, кыска аралыкта ал интеллигенциянын сүймөнчүк басылмасына айланды.

1930-жылдын бу күнү Кыргыз мамлекеттик театрынын биринчи сезону салтанат менен ачылды. Кыргыз мамлекеттик театры буга чейин кыргыз улуттук студиясы катары иштеп, ушул күндөн баштап ал мамлекетик театр статусун алган.

Мындан туура 103 жыл мурун кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Аалы Токомбаев жарык дүйнөгө келген. Акын жазуучунун чыгармачылык чыйыры 1922-жылы башталып, 1927-жылы анын «Ленин тууралуу» ыр жыйнагы жарык көргөн.

7-ноябрь Улуу октябрь социалисттик революциясынын 20 жылдык майрамы 1937-жылы кадыресе белгиленип, Фрунзе шаарынын борбордук аянтында эмгекчилердин парады өткөрүлдү. Аянттагы трибунада республикалык жетекчилер орун алып, партия комитетинин биринчи катчысы М. К. Аммосов күтүүсүз жерден демонстанттарга «Жашасын бүткүл дүйнөдөгү фашизмдин жеңиши!», деп жар салган. Эмгекчилердин парады бүтөөр замат Кыргызстан большевиктер коммунисттик партия Борбордук комитетинин чукул чакырылган бюросу өткөрүлүп, партия комитетинин биринчи катчысы М. К. Аммосов кызматынан четтетилген.

2003-жылдын бу күнү Бишкек шаарында «Азаттык» радиосунун 50 жылдыгына арналган ««Азаттык» радиосу жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги» аттуу конференция өткөрүлдү.

Бу күнү, 218-жылы атактуу полководец Ганнибалдын аскерлери Альпы тоосун ашып, 1504-жылы Христофер Колумб өмүрүнүн акыркы деңиз сапарына чыгып, 1908-жылы физик Э. Резерфорд атомду бөлгөндүгүн жар салып, 1917-жылы Россия империясында Улуу октябрь революциясы ишке ашып, 1941-жылы Москвадагы Кызыл аянтта айтылуу аскер парад өткөрүлүп, 1414-жылы перс ойчулу Абдуррахман Жами, 1878-жылы Лизе Майтнер, 1891-жылы советтик жазуучу Дмитрий Фурманов, 1903-жылы австриялык зоолог, Нобель сыйлыгынын лауреаты Конрад Лоренц, 1913-жылы француз жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Альбер Камю, 1919-жылы акын Кубаныч Акаев жарык дүйнөгө келген.