БИШКЕК ШААР КЕҢЕШИНДЕ ОППОЗИЦИЯГА ОРУН ЖОКПУ?

“Ак Шумкар” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Нуржамал Байболова Бишкек шаар кеңешинин төрайымы кызматынан алынганын ооруп, ишке чыкпай жаткан жеринен уккан. Дүйшөмбүдө ал журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, азыркы бийлик оппозиция лидерлерин апачык куугунтукка алганын, бийлик вертикалын күчөтүү аракети ишке киришкенин жарыя кылды. Шаар кеңештин мурдагы төрайымы эмгек укугу бузулганын, ишкердик беделине доо кетиргендиги үчүн айрым маалымдоо каражаттарын сотко бере тургандыгын маалымдады.
Ушул жылдын 31-октябрында Бишкек шаар кеңешинин 34 депутатынын отуз экиси ооруп кызматка чыкпай калган төрайым Нуржамал Байболованы, орунбасары Татьяна Пономареваны ишинен алышты. Төрайымдын айтуусунда, шаар кеңештеги оппозициялык «Ак Шумкар» партиясынын 13 мүчөсүнүн экөө партия катарынан чыгып, калгандары «Ата Mекен» партиясынын аты менен парламенттик шайлоого катышууга камынууда.

- Силердин баарыңар 31-октябрда Бишкек шаар кеңешинде эмне болгонун жакшы билесиңер. Эмне үчүн ал 31-октябрда өткөнүн мен азыр айтып берем. Катуу ооруп ишке чыга албай калгандыктан менсиз кеңештин сессиясын өткөрбөөнү сурангам,- дейт Нуржамал Байболова.

Бирок да ага карабастан шаар кеңештин жыйыны өтүп, төрайымды кызматтан алуу маселеси күн тартибине коюлган. Н.Байболова эгер депутаттар аны кызматтан алууга макул болушпаса кеңеш таркатылып, кезексиз шайлоо чакырылмак, деп билдирди.

- Шаар кеңешти чакырып жаткандагы шашылуунун сыры ушунда,- деп ырастады Н.Байболова.

Эмнеликтен шаар кеңеши азыркы бийликтегилерге жакпай калышынын сырын Н.Байболова ушул жылдын июль айында кабыл алынган шаар башчысынын жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндөгү токтомго байланыштырды.

- Анда биз шаар башчысы бөлүнгөн жердин ар бирине берилчү уруксат кагазга өзү кол коюшун милдеттендирдик. Буга чейин болсо шаар башчылары ал кагaзга өздөрү кол коюшпай, ага биринчи, экинчи орунбасарларын жумшап келишкен. Анан кийин талаш чыкканда ал орунбасарларды кызматтан алып коюшчу. Шаар башчынын мурдагы орунбасары А.Слизовский болсо качып кетти. Себеби ал бардык кагаздарга кол койгон болчу. Биз шаар башчысынын жоопкерчилигин көтөргөнбүз.

Н.Байболова жаңы Конституцияга ылайыктуу бийликтин жогортон-төмөн чыңдалыш аракети көрүлүп жатканын айтып, анын мисалы катары Бишкек шаарына Данияр Үсөновдун шаар башчылыгынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын көрсөттү. Ал эми Бишкек шаар башчысынын милдетин аткаруучу Д.Үсөнов болсо жаңы Конституцияга ылайык бийликтин жогортон-төмөн чыңдаларын жаңы кызматка дайындалып жатканда эле билдирген.

Жаңы шаар башчысы өзүнө берилген ыйгарым укуктардын кыйласы өөнөлүп шаар кеңешке өтүп кеткенин, ошондон жергиликтүү аткаруу менен мыйзам чыгаруу бийликтин кызыкчылыктары кайчы келерине токтолгон.

- Менимче, патриотчулук, ошондой эле шаардыктардын кызыкчылыктары тууралуу кеп кылсак, шаардын жаңы жетекчилиги менен шаар кеңеш депутаттарынын кызыкчылыгы туура келиши керек. Эгер кызыкчылыктар кайчы келип калса, биз тиреш менен болсо да маселени талкуулап, чечишке даярбыз. Шаар башчынын ыйгарым укутары, тилекке каршы, аябай эле өөнөлүп калган. Мурдагы шаар башчы Борис Силаев ээ болгон укуктардын көбү жок.

Шаар башчынын милдетин аткаруучу Д.Үсөновдун пикиринде, өөнөлгөн укутардын эң орчуну - башкалаа бюджетинин шаар кеңеш депутаттары тарабынан бекитилип, анын аткарылышын көзөмөлдөө да эл өкүлдөрүнө жүктөлгөнү. Н.Байболова бийликтин жогортон-төмөн чыңдалышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун жое тургандыгын белгилеп, башкаруунун мындай усулу демократиялык принциптерге кайчы келерин айтты.