СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ ЧАБУУЛ БАШТАЛДЫБЫ?

  • Ырысбай Абдыраимов
2-ноябрда Жалалабаттагы журналисттер коомчулугу менен адам укугун коргоочулар басма сөз эркиндигинин абалына жана журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу тегерек үстөл талкуусун өткөрүштү.
Жыйында 24-октябрда Ошто белгилүү журналист Алишер Саипов атып өлтүрүлгөндөн кийин, ал тууралу текшерилбеген маалыматтар таркатылып жаткандыгына тынчсыздануу билдирилди. Калемгерлер ал Өзбекстандын атайын кызматтары тарабынан атып өлтүрүлүшү мүмкүн деген божомолдорду тактоо зарылдыгын белгилешти. Бишкектеги «НБТ» сыналгысынын кызматкерин, андан мурда УТРКнын кызматкери Кайрат Биримкуловдун сабалып, чет өлкөдөн баш калка издөөгө аргсыз болгондугуна тынчсыздануу айтылды. Облустагы адам укугун коргоочу «Справедливость» уюмунун өкүлү Абдымалик Шарипов, Саиповдун өлүмү менен өлкөдө сөз эркиндигине чабуул жасалып, журналисттерге кол салуу күчөп, өлкө авторитардык режимге баратат, ошондуктан эркин же мамлекеттик маалымат каражаттары дебей, журналисттердин биригүүсүнө мезгил келди деген оюн ортого салды.

Бирок, калемгерлерге күндөлүк жашоо турмушта да кол көтөрүлгөн окуяны «Жаңы кылым» гезитинин облустагы кабарчысы Анархан Жаңыбаева эске салды. Ал айрым маалымат каражаттары билдиришкендей, Алишер Саиповдун Өзбекстандын ислам кыймылынын ана башчыларынын бири Тахир Юлдашев же Кыргызстанда расмий катталабаган «Хизб-ут- тахрир» партиясы менен байланышы болуу мүмкүн деген күмөн саноолорду калыс тергөө жүргүзүү керек экендигин сунуш кылды:

- Бул террористтер менен байланышы болгондугу үчүн өлтүрүлдү дегендей маалыматты элге таркатып жиберишти. Ал Алишер Саипов жөнүндө билбеген адамдар чындап эле журналисттер өздөрүн акташ үчүн пикеттерге чыгып аткан экен деген ойдо калат.

«Лица» гезитинин облустагы өкүлү Радмир Сафаров, Саиповду өлтүргөндөрдү таап, аларды жазага тартуу тууралу өлкөнүн коопсуздук кызматы менен улуттук коопсуздук комитетине жана ички иштер министрлигине кабыл алынган кайрылууга кошулбай тургандыгын билдирди. Анын белгилешинче кайрылууда коопсуздук жана ички иштер кызматтарына туура эмес талаптар коюлган. Ошондой эле ал Алишер Саиповдун Оштон бастырылып, коңшу өлкөгө таратылган «Саясат» аттуу гезитин кайсы акчага чыгарылып жаткандыгына күмөнсүрөгөнүн билдирди. Облустагы журналисттер биримдигинин төрагасы Жалил Сапаров калемгерлерди коомдун өнүгүүсүнө кызмат кылууга чакырды. Анын айтымында маалымат кызматкерлеринин укугун коргоодо журналисттин өздөрүндө биримдик жок жана айрым кесиптештеринин тагдырына кайдыгерлик менен кароо адатка айланып калган:

- Кайдыгерлигибиз менен биз Алишер Саиповду ушундай күнгө жеткирдик. Саиповдун өлүмү бул журналисттерге, сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине карата чабуулдун башталышы болуп атат.