ООГАНСТАНДА МОЖАХЕДДЕРДИН АСКЕРЛЕРИ КҮЧТӨНҮП БАРАТАТ

Ооганстандагы талибдер менен АКШ баштаган коалициялык күчтөр ортосундагы атышуулар, негизинен, өлкөнүн түштүк жана чыгыш тарабында жүрүп жаткандыктан, негизги көңүл ошол аймактарга бурулуп тургандай. Ошол эле учурда, түндүк тарапта да коркунучтар толук жок болуп кетти деп айтууга болбойт. Анткени кезинде талибдерге каршы согушка катышкан регионалдык можахеддер өлкөдөгү куралсыздандыруу боюнча мыйзамды бузуп, көптөгөн курал-жарактарга ээ болуп жатканы айтылууда. Алардын өздөрүнүн айтымында, өкмөттүк күчтөр аларды талибдерден коргой албай жатышканда, коргонууну алар өз колдоруна алышты. Бирок можахеддерди сындап жатандар болсо, алар талибдерди шылтоолоп эле, чынында башка максаттар үчүн эле курал топтоп жатышканын айтышууда.
Бириккен улуттар уюмунун жана ооган өкмөтүнүн куралсыздандыруу программаларына карабай, өлкөдө бийликтерге баш ийбеген можахеддердин корбашчыларына Ооганстандагы бейөкмөт уюмдар бир топ жылдардан бери эле нааразылык айтып келатышат.

Аларды жок кылуу убагында жайчылык турмушка жана демократияга жетишүү катары таанылып келген. Бирок “өз эркиңер менен курал таштагыла!” деген сөздөн майнап чыккан жок. Курал-жарактардын көпчүлүгү азырга чейин ошол можахеддердин колунда калып жатат. Анын үстүнө миңдеген адамдар корбашчыларды дале “авторитет” деп билишет жана кичинекей жаңжалдар учурунда аларды келдонуу да оңой.

Жакында эле Ооганстандын куралсыздандыруу программасында Коргоо министрлигинин өкүлү “Нью-Йорк Таймс” гезитинин суроолоруна жооп берип жатып, түндүк тараптагы Мазари Шариф деген шаарда расмий Кабулга ишеним жоголгонун билдирди. Абдул Манан Абеддин айтымында, Мазари-Шарифтин тургундары түндүккө талибдер кайра келиши ыктымал деген кооптону менен дале куралдарын сактап турушат.

Бирок “Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруу институтунун” кабарына ылайык, ал жактагы регионалдык корбашчылар бул өңдүү кооптонууларды өз кызыкчылыгына колдонуп туруп, түштүк менен чыгыштын араздашууна басым жасап, өздөрүнө караштуу эски мүлктү кайра кайтарып алууга далалат кылышууда.

Аталган институт ысымдарын айтып өткөндөрдүн арасында командир Абдул Рашид Достум да бар. Хамид Карзай аны армия курамынын жетекчиси кылып дайындаган. Достум түндүктөгү, анын ичинде Мазари-Шарифтеги, өзбектар арасында өтө эле популярдуу экени айтылып жүрөт.

Ушу жылы майда Достумдун жактоочулары Йозган провинциясынын губернаторуна каршы демонстрацияга чыгышкан учурда, кан төгүлүп, 10 адам көз жумган, дагы 40 киши жаракат алган. Достумдун куралчан колдоочулары ушундай эле тополоңду май айында Фарияб провинциясында да чыгарышты.

Ошон үчүнбү, айтор, Йозган провинциясынын жергиликтүү бийликтери Достумдун “Жунбише Мелли” деп аталган саясий тобун кайра куралданып алды деп айтыпташкан. Бирок Жунбиш бул өңдүү айыптоолорду заматта четке какты.

“Human Riths Watch” уюмунун расмий өкүлү Сам Зия Зарифи буга чейин Ооганстандагы куралсыздандыруу программасы жана ал жактагы адам укуктарынын абалы тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келген.

- Корбашчылар өздөрүнүн таасирин андан бетер арттыруу үчүн өкмөт менен жакындаша калган учурлар Ооганстанда тенденцияга айланып кетти. Алардын көбү азыр баңги бизнесине аралашып, апийим менен героин сатып байышат. Аларда саясий күчү да көп, парламентте же жакын санаалаштары бар, же өздөрү олтурушат. Келерки кадам – эми аскерий күчүн көрсөтүү. Талибдердин улам күчтөнүшү аларга ушундай мүмкүнчүлүктү да берип жатат. Балким, алар талибдерден чочулап жатышканы деле чын болушу мүмкүн. Бирок азыр түндүктө болуп жаткан окуялар аймак “балкандашып” баратканын көрсөтөт,- дейт Зарифи.