Быйыл эки жүзгө чукул бүтүрүүчүлөр мындай үлгүдөгү дипломдор алышат. Бул тууралу аталган окуу жайдын ректору А.Айдаралиев билдирет. Анын айтымында билим берүү министрлигинин 2007-жылдын 18-майындагы буйругуна ылайык бул окуу жайы европалык үлгудөгү дипломдор бере алат. Бүтүрүүчүлөргө диплом менен кошо Европага үч жылдык мөөнөткө виза да берилет. (EK)