11:15 Кыргызстан Бээжиндеги эл аралык Маданият фестивалына катышты

Кытайдагы Бээжин университетинде өткөн төртүнчү эл аралык фестивалга кырктан ашык өлкөдөн өкүлдөр катышты. Кыргызстанга арналган жарманке тактаны аталган университте окуган кыргыз студенттери жасалгалап, жаратылыш, айыл турмушу, улуттук маданият, каада-салттагы өзгөчөлүктөр чагылдырылган сүрөттөр, музыкалык аспаптар, улуттук адеми буюмдар жана кыргыз даамдары коюлган. Кыргыз өлкөсүнө ашкере кызыккандарга салттуу ыр-күүлөр, өлкө тууралуу маалыматтар жазылган компакт-дисктер берилген. ТИМдин билдиришинче көптөрдүн көөнү комузга бурулуп, кызыгуу жараткан. (EBM)