16-декабрда өтө турган кезексиз парламенттик шайлоого оппозиция «Ата Мекен» партиясынын туусу астында бара турган болду. Бул тууралуу бүгүн партияга баш кошкон саясатчылар билдиришти. Мындай чечимге оппозициялык ири саясий партиялар саналган «Ата Мекен» жана «Ак Шумкар» татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин келишти.
- Биз бүгүн абдан кыйын сүйлөшүүлөрдөн кийин биригип, бирдиктүү күч болуп чыгабыз деп билдирип отурабыз. Ушуну менен биз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы жогору экенин далидеп, көргөзүп жатабыз,- деди «Ак Шумкар» саясий партиясынын теңтөрагасы Темир Сариев.
«Ата Мекендин» курамына Кубатбек Байболов менен Темир Сариев кирди, бул алар жетектеген «Ак шумкар» партиясынын жабылышын шарттабайт, партия өз алдынча ишмердигин жүргүзүү укугуна ээ.
Сүйлөшүүлөргө ылайык, шайлоо тизмесине талапкерлер кезектешкен тартипте киргизилип, анын башында «Ата Мекендин» төрагасы Өмүрбек Текебаев болот. Жалпысынан тизмеге жүз киши кирери макулдашылды. Текебаевдин билдиргенине караганда, алардын катарына партиясыздар, белгилүү инсандар да кириши мүмкүн:
- Эмне үчүн жүз? Биз жүз адам тагдырыбызды тобокелге салып, оппозициялык деп аталган блокко бириккенибизди Кыргызстанга жарыялагыбыз келет. Эч убакта бири-бирибизден кайтпай, сөзүбүздө, принцибибизден тайбай кармап беребиз деп ишенебиз. Ошондуктан, биз жүз адамдан турган тизмени сунуш кылабыз.
Анткен менен, азыр «Ата Мекенге» «Ак Шумкардын» эки таасирдүү лидерлеринин кошулушун оппозициянын толук биригүүсү катары кабылдоо эртелик кылат. Маселен, оппозицияда саналган «Асаба» улуттук кайра жаралуу саясий партиясынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмаз Атамбаев баштаган партияга кошулуп, Азимбек Бекназаров баштаган партия өзү шайлоого өз алдынча барарын жарыялады. Ал эми «Ак Шумкар» партиясынын саясий кеңешиндеги мурдагы беш депутат партиянын курамынан ар кандай себептер менен мурдараак чыгып кетишкен. Феликс Куловдун «Ар намыс» партиясы акыркы чечимин чыгара элек. Бирок, саясий кеңештин мүчөсү Эмил Алиевдин айтымында, «Ата Мекен» партиясы менен бирге шайлоого баруу максатындагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эркин Бөлөкбаевдин «Жашылдар» партиясы да ушундай жолду тандачудай түрү бар. Апрель митингисинде ажырашкан бириккен оппозиция эми Куловду катарына кошобу-жокпу, бул да бүдөмүк турат.
«Ата Мекенге» бириккен оппозиция учурда бир катар саясатчылар, саясий партиялар менен сүйлөшүүлөр жемиштүү жүрүп жатканын билдирип, бирок, алардын арасында «Ар намыс» бар же жок экенин ачыктоону ылайык көргөн жок:
- Кайсы гана партия болбосун, өзгөчө бизге көз карашы жакын партиялардын бизге кошулабыз деген демилгесин биз колдойбуз. Шайлоо башталганча жалпы Кыргызстандагы прогрессивдүү көз караштагы күчтөрдүн баарын бириктирүүгө аракет жасайбыз, - деп билдирди Кубатбек Байболов.
«Атамекенчилер» парламенттик шайлоодо бийлик тоскоолдук кылбаса шайлоочулардын жарымынан көбү бириккен оппозицияны колдойт деген бекем ишенимде турушат.