Пакистанда мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттого кол салуу болду

Пакистандын Карачи шаарында экс-премьер Беназир Бхуттону салып бараткан автоунаага чукул жерде болгон жардыруулардан 120дан ашуун киши өмүрүнөн ажырап, дагы 200дөй адам жараат алды. Чет өлкөдө өз алдынча 8 жыл сүргүндө жүрүп, кечээ мекенине кайтып келген Бхутто айым жабыр тарткан жок, - деп айтылат расмий кабарларда. Мурдагы премьер-министр Карачиге кайтып келгенине байланыштуу кечээ кечинде көчөдө аны он миңдеген кишилер кол булгап тосуп турушкан. Бхутто диний экстремизмге каршы жана демократия үчүн күрөшүүгө кайтып келгенин айткан.