Бүгүн түшкө жуук ИИМдин алдындагы 9-бөлүмдүн кызматкерлери “Жашылдар” партиясынын Бишкектеги кеңсесин тинтүүгө алышты. Алар мунун себебин окуу жайларга эртеңки митингге чакырган баракчалардын таратылышы менен байланыштырышкан. Партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаев мындай кадамдар митингди болтурбай коюу үчүн бийлик тарабынан атайын жасалып жатат деген ойдо.
Тинтүүнү ИИМ алдындагы 9-Башкы башкармалыктын кызматкерлери жүргүзгөн. Аталган башкармалыктын кызматкери, милициянын подполковниги Арсланбек Ырысовдун айтуусунда “Жашылдар” партиясы тарабынан чыгарылган баракчаларды бүгүн айрым окуу жайларында таратып жүргөн студенттер кармалган:
-Бүгүн биз сиздердин партия чыгарган баракчаларды таркатып жүргөн студенттерди кармаганбыз. Баракчада партиянын дареги жазылган экен, ошол боюнча келип, кандай максатта чыгарып атат, канча нускада, ким чыгарып атат, билгибиз келди. Ушул максатта келдик, -деди милициянын подполковниги Арсланбек Ырысов.
Партия төрагасынын орун басары Анара Султангазиеванын айтуусунда милиция кызматкерлери кеңсени тинтүүгө уруксат берүүчү эч кандай документтери жок кирип келишкен:
-Биздин компьютерлерди карап, андагы документтерди текшеришти. Кабинеттердеги кагаздардын баарын аңтарып карап, видеокамерага тартып алышты. Айрым документтерди көчүрүп алышты. Баракчаларды санашты. Мындай тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген документиңер барбы?-деп сурасак, жоктугун айтышты.
Анара Султангазиева милиция кызматкерлери видеокамера менен келип, кеңседеги кагаздардын баарын тартып алышкандыгын кошумчалады.
Укук коргоочу Качкын Булатов милициянын бүгүнкү аракети – Кыргызстанда өз оюн ачык-айкын айткандарга каршы репрессия башталды деп эсептейт:
-Тинтүүнүн өзү адам укугун тебелегендик. Эркин сөз жоктугу, Кыргызстанда 1037-жылдагыдай репрессия башталды десек болот. Бул партия деле элдин камын көрүп, нан арзандасын, азык-түлүк арзандасын, коррупция азайсын, деген максат менен митингге чыкканы атышат да.
Кечээ түнү «Жашылдар» партиясына таандык чакырыктар басылган деген негиз менен көз карандысыз «Алкак» гезитинин 2,5 миң нускасы да атайын кызматтар тарабынан тартып алынган. Аталган басылманын башкы редактору Сапарбек Мырзакуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча тартылып алынган гезиттер Биринчи Май РИИБ жеткирилген.
“Жашылдар” партиясы 19-октябрь күнү Алатоо аянтында “Ачка Кыргызстан Референдумга каршы” деген аталышта митинг өткөрөрүн шаардык мэрияга билдирген. Бирок шаар бийлиги жана ички иштер министрлиги Референдум өтмөйүнчө Алатоо аянтында митинг өткөрүлбөй тургандыгын, буга макул болбогон учурда чара колдонуларын маалымдаган. Башмыйзам боюнча митинг, пикет жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн бийликтин уруксаты талап кылынбайт.
Президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башысы Бектур Зулпуев митинг өткөрүүгө уруксаттын зарылдыгы жоктугун айтып, мэрия тартипти сактоого аракет жасап жатат деп билдирди.
“Жашылдар” партиясы эч кандай бут тосууларга карабастан, эртең саат 12:00 нааразылык митинги боло тургандыгын билдирүүдө. Алар бир нече миңдеген Кыргызстандык жарандар өздөрүнө тилектеш деп эсептешет.