ТЕГЕРАНДА КАСПИЙ БОЮНЧА САММИТ БАШТАЛУУДА

Нарын АЙЫП, Прага 16-октябрда Тегеран шаарында Экинчи Каспий саммити өткөрүлөт. Аны менен байланыштуу Иранга орус президенти Владимир Путин дагы кызмат сапар менен келүүдө. Ал негизинен Каспий саммитине катышканы менен, Иран жетекчилери менен жолуга турганы өзгөчө мааниге ээ, анткени мындан 30 жыл мурда Иранда исламдык революция болгондон бери орус мамлекет башчылары Тегеранга келген эмес.
Орус президенти Владимир Путиндин Тегеранга келээри алдында - Иранда анын өмүрүнө кол салуу болушу мүмкүн деген кабарлар пайда болду, бирок 15-сентябрда Путин Алманиянын Висбаден шаарында европалык саясатчылар жана ишкерлер менен жолукканда, ал тууралуу суроого жөн гана кол шилтеп койду.

Орус президентинин Тегеранга келишине Иранда өзгөчө маани берилүүдө, анткени көптөгөн жергиликтүү аналитиктин айтымында, Батыш менен Иран ортосундагы тирешүүдө Маскөө ортомчул турумду карманууда жана эгер Ирандын өзөктүк программалары менен байланышкан маселе Бириккен Улуттарда каралса, Батыш сунуштаган резолюцияга Орусия вето салышы мүмкүн. Аны менен катар, айрым ирандык байкоочулардын пикиринде, Маскөө менен Тегерандын тарыхый байланыштарын карап чыкканда, Орусия акыркы мүнөттө Батыш менен тымызын мамиле түзүп, Иранга каршы да чечимге кошулуп кетиши ыктымал деген жыйынтык чыгарса болот.

Ирандын Жөндүүлүк кеңешинин мүчөсү Мохсен Резай 10-октябрда билдиргенге караганда, Путиндин сапары учурунда Тегеран сылык, бирок катуу турумун көрсөтүп, өзөктүк маселе, Бушер атом станциясы жана Каспий деңизинин макамы боюнча өз кызыкчылыктарын коргоп алыш керек. Орусиянын жардамы менен көп жылдардан бери Бушер шаарында курулуп жаткан атом электир станциясы боюнча Маскөө менен Тегеран ортосунда мезгил-мезгили менен маселелер чыгып калат.

Каспийдин макамы боюнча болсо Тегеранда атайын бийик жолугушуу өткөрүлүүдө. Маселе СССР чачырагандан кийин пайда болгон, ага чейин деңиз - Советтер Союзу менен Тегеран ортосунда 1921-, 1927- жана 1940-жылы түзүлгөн келишимдер менен бөлүнгөн. Ал келишимдер Каспийди деңиз дагы, көл да деп тааныган эмес жана негизинен соода менен кемелердин жүрүшүн тартипке салган.

Бирок акыркы жылдарда негизги маани мунай байлыктарын иштетүүгө бурула баштады жана андай кендер Каспийдин түбүнөн дагы чыгып жаткандыктан, анын макамын так аныктоо зарыл.

Эгер Каспий деңиз болуп эсептелинсе, анын 20 чакырымга жакын суу тилкеси тиги же бул мамлекетке таандык болуп, деңиздин ортосу эркин болууга тийиш. Эгер ал көл болуп эсептелинсе, Бириккен улуттардын 1982-жылы кабыл алынган конвенциясы боюнча, көл аймагы ага чыккан мамлекеттер ортосундагы келишимдер менен бөлүнүш керек.

Каспийдин макамын аныктоо боюнча биринчи саммит 2002-жылы Ашгабат шаарында өткөрүлгөн, бирок тараптар бир пикирге келе алган эмес. Азырынча Каспийге чыккан беш мамлекет - Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстан жалпысынан эски советтик келишимдерди карманганы менен, чындыгында эки тараптуу келишимдердин негизинде аракеттенүүдө.

Жана башка өлкөнүн аймагындагы тиги же бул мунай байлыктарын иштетүүгө да даяр: "Биз мурда билдиргендей, Каспий деңизинин Түркмөн жээгиндеги мунай же газ байлыктарын иштетүүгө биз кызыкдарбыз жана ал тууралуу сүйлөшүү өткөрүүгө даярбыз", - деп билдирген казак президенти Нурсултан Назарбаев 12-сентябрда Ашгабатка келгенде.

Аны менен катар, андай кендер менен байланыштуу беш мамлекет ортосунда көптөгөн араздашуулар бар.