Европа Биримдиги өзбек жетекчилерине салган чектөөнү убактылуу токтотту

Евробиримдик 2005-жылы Анжияндагы коогалаңдан кийин айрым Ташкендик жетекчилерге виза берүүгө тыюу салган чечимин алты айга токтотту. Люксембургдагы жыйындан кийин Евросоюздун тышкы иштер комиссары Бенита Ферреро-Вальднер бул чечим Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына жараша шарттуу түрдө кабыл алынды деп белгиледи. Бирок Биримдик Өзбекстанга курал-жарак сатууга киргизген эмбаргону күчүндө калтырды.