Немец парламенти Ооганстанда аскерлердин калуу мөөнөтүн бир жылга узартты

Мындай чечимди бүгүн Германия парламенттинин төмөнкү палатасы – Бундестаг колдоду. Мунун алдында Германия канцлери Ангела Меркел Ооганстан террорчулардын колуна түшпөшү үчүн бул өлкөдө аскерлерди калтыруу чыкырыгы менен чыккан эле. Ооганстандагы немец контингентинин саны 3, 5 миңдей. Алардын көпчүлүгү өлкөнүн түндүк аймагына жайгаштырылган. Ал эми бүгүн түштүктөгү Гильменд провинциясындагы мечиттердин биринде, айт майрамына байланышту эл чогулуп турган кезде орун алган жарылуудан кеминде эки адам каза тапты.