Бүгүн Ала арча мамлекеттик резиденциясында кыргыз-орусия өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча жыйыны өтүүдө. Анда Орусиянын атомдук энергетика боюнча агенттиктин жетекчиси Сергей Кириенко орус өкмөтү негизинен энергетика тармагы боюнча Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин, алюминий заводунун жана Каракечеде жылуулук станциясынын курулушуна катышууга кызыкдар экендигин билдирди Ал ошондой эле Миңкуштагы уулу заттардын калдыктары көмүлгөн жайды тазалап, кайра иштетүүнү орусия тарап колго аларын белгилеп, Майлысуу, Каджысай, Шакафдар, Сумсардагы уран калдыктары көмүлгөн жайларды тазалоо боюнча эл аралык долбоорлорго катышуу тууралуу оюн айтты. Кириенко белгилегендей акыркы сегиз айда эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд. долларга жакын каражатты түзгөн. (AJ)