10:20 Бишкекте үйбүлөлүк медицина боюнча эл аралык конференция өтөт

15-октябрда баштала турган Экинчи эл аралык конференцияда үйбүлөлүк медицинага байланыштуу актуалдуу суроолор каралат. Үч күнгө созула турган бул иш-чараны америкалык “Илимий технологиялар жана тилдер институту” кайрымдуулук фонду уюштуруп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарланды. (ZMa)