11-октябрда Жалалабатта Аксы окуясы боюнча улантылган сотто күбөлөр көрсөтмө берип, келбей калган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү окулду. Мурдагы башкы прокурор сотко келбегени менен депутат А.Бекназаровго кылмыш ишин ачуу тууралуу көрсөтмө бербегенин жазып берген.
Аксыда кан төгүлгөн 17-мартта милиционерлер Боспиекке келген укук коргоочу Турсунбек Акунду кармап, аны бошотууга аракет кылган алты аялды да ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Жабырлануучулардын өкүлү Азиза Абдрасулованын изилдөөсүнө ылайык алар эч кандай тартип бузган эмес. Кармалгандар бөлүмдө төрт саат болгон кезинде эки аял токмоктолуп, Турсунбек Акунга кылмыш иши ачылган:
- Кармалып келген Турсунбек Акун жана 6 аял РОВДнын ичинде Кербенде 4 сааттан ашуун убакыт болушкан. Алар менен кошо кармалган карасуулук Жыпар деген аялдын денеси көгала болгон, ал милиция кызматкерлери тарабынан катуу сабалган. Аширова Гүлбара болсо башынан жарат алган.
Алар кармалгандан кийин Бекназаровдун тарапкерлери менен милиция кагылышканда ок атылып, эки адам өлүм, бир нече киши жарадар болгон. Демонстранттар ички иштер бөлүмүнө кол салуусу мүмкүн экендигин боолгогон раймилициянын башчысы курал-жарактарды тарттырып ийбөө үчүн «Буран» операциясын киргизүүгө буйрук бергенин бөлүмдө нөөбөттө турган милиционер Гавхарбек Жаббаров сотко айтып берди. Ал бирок эрте менен элди утурлай бараткан спецназдарга канча курал таркатканын эстей алган жок:
- Жардамчыма команда бердим, бошобой атам, канча кызматкер бар болсо курал бергиле деп. Алып кетишкен. Бирок канча адам кеткен азыр так айта албайм.
Бирок соттолуучу Садырбек Дубанаевдин көрсөтмөсүнө ылайык «Тайфун жана Буран» операциясы массалык баш аламандык учурунда киргизилет жана анда түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Аталган операцияларга элге курал колдонуу жагы айтылган эмес:
- Бул пландын негизинде массалык башаламан болсо, ошону окуп ишке ашырат. Ал жерде эч качан курал алып, элди тосуп ат деген жок. Ал жерде элдер башаламан кылса “Тайфун” операциясы киргизилип, атайын куралдар колдонулсун деп турат.
Экс-баш прокурор Чубак Абышкаевдин Бекназаровго кылмыш ишин ачууга буйрук бербегени жөнүндө көрсөтмөсүн судья Боронбаев окуп берди. Беш жыл мурдагы окуя боюнча жүргөн соттон жыйынтык чыкпастыгына көздөрү жеткен бир топ күбөлөр сотко катышпай тургандыгын билдиришкен. Алар ал жөнүндөгү ишеним катты адвокат Сартпай Жайчыбековго тапшырышкан:
- Азыркы бийлик акыйкат чечим чыгарышына ишенбейбиз. Аксылык жабырлануучулардын адвокаттары Жайчыбеков Сартпайдан, же Азиза Абдрасуловадан биздин түшүнүк каттарды сотто окуп берип, сотко тапшырып коюсун өтүнөбүз.
Учурда адвокаттар менен соттоолуучулар 41 томдук кылмыш иши менен таанышууну улантууда.