НЬЮ ЙОРК. АКШ менен Россия Сербиянын Косово провинциясынын келечеги жөнүндө орток пикирге келе элек. АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Залмай Халилзат тараптарды 10-декабрге чейин мунасалуу пикирге келүүгө чакырып, маселени чечүүнүн кечеңдетилиши Сербиядагы туруктуулукка кооп келтирет, деп эскертүүдө. Россиянын элчиси Виталий Чуркин сүйлөшүүлөрдү орток пикир түзүлгөнчө уланта берүү керек, деп эсептейт.